Пример HTML-страницы

Энеси кызына бул кеңештерди айтыш керек

https://kyrgyzcha.site/?p=54709&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Энеси кызына бул кеңештерди айтыш керек

 

1. Жашооң менен көңүлүн тынч болбосо, дүйнө менен байлыктын сени бактылуу кылчу күчү жоголот.

 

2. Жашооңдо кандай кыйын проблема жаралса да, ал узакка созулбайт жана муну менен өмүр өз нугунан чыгып кетпейт.

 

3. Өзүңдү өзгөлөр менен салыштыра берсең, өзүндү да жоготуп аласың. Өзүңдө бар нерсе менен мактан, өзгөнүн да комплекси бар экенин унутпа.

 

4. Апаңа ар бир маселе боюнча суроо берип, түшүндүрүп, өтүнүүгө укугуң бар. Сыр сактоого келгенде курбуларыңа ишене албасаң, апаң менен бөлүш. Ападан артык сыр сандык жок!

 

5. Кимден болбосун биринчи болуп кечирим суроого аракет кыл. Бул сенин алсыздыгыңды эмес, күчтүүлүгүңдү далилдейт. Анткени канчалаган адамдар тарыныч менен кекти жеңе албай жүрүшөт.

 

6. Ар дайым күлүп жүр. Жылмаю – жашоонун модасы экенин эсте сакта.

 

7. Убактысы келгенде ыйлап, чериңди өз убактысында чыгарып тур. Кайгы менен муңду ичте сактай берген өзүңө кыйын.

 

8. Аял кишиде ар түрдүү жагымдуу касиет болгону жакшы. Көп болгону андан да жакшы.

 

9. Курбу-курдаш тандаганда абай болуш керек. Адамдар сени курбуңа карап тааный турганын унутпа.

 

10. Аялзаты сулуулукка тартылып турат. Сулуу болуп жүрүүгө, сулуулукту сактоого убакыт табууга тырыш.

 

11. Эркектин намысын таптаба жана таптатпа.

 

12. Ата-эненин кадырын алар маңдайыңда тирүү жүргөндө билип, сый-урмат көрсөт.

 

13. Табигый сулуулуктун ордун эч нерсе менен толтурууга болбойт. Ошондуктан жаш кезиңен косметиканы чектен сырткары колдонбой, табигый сулуулугуңду баала.

 

14. Аялдын денеси – дүйнөнүн эң кооз жаратылышынын бири. Ошондуктан көптүн кир көздөрүнөн, уяттуу жерлерди жабып жүр. Моданы сүйсөң да, денени жабык

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE