Пример HTML-страницы

ЭМНЕ ҮЧҮН ӨЗҮҢДҮ — ӨЗҮҢ ӨНҮКТҮРҮП ТУРУШУҢ КЕРЕК

https://kyrgyzcha.site/?p=43249&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЭМНЕ ҮЧҮН ӨЗҮҢДҮ — ӨЗҮҢ ӨНҮКТҮРҮП ТУРУШУҢ КЕРЕК?

 

Мындай деп айтылган сөз бар: «Эгерде жумуртканы сырткы күч сындырса, анда жашоо бүтөт. Ички күч тарабынан сынса, жашоо башталат. Жакшы нерселер ар дайым ичтен башталат».

 

Ушул жумурткалар сыяктуу эле, сиз да күн сайын ар кандай сырткы кыйынчылыктарга кабыласыз, же ички дүйнөңүздү өзгөртүп жана өнүктүрүп турсаңыз – жаңы жашоого баштайсыз.

Күн Сайын Өзүңүздү Өнүктүрүп Туруунун Маанилүү 7 Жолу :

 

1. Сиздин ийгиликтериңиз үчүн эч ким жоопкерчиликтүү эмес

Жашоодо каалаган нерселериңизди сизге эч ким орундатып бербейт.

Мисалы, эгер сиз арыктагыңыз келсе, анда спорт менен машыгышыңыз, чуркашыңыз жана диета кармашыңыз керек болот. Ийгиликтериңиз үчүн бир гана жооптуу адам – бул СИЗ.

 

2. Жакшыруунун бирден-бир жолу – ар дайым өзүн-өзү өнүктурүп туруу

Ийгиликке жеткен адамдар кокусунан эле ийгиликтүү боло калышпайт. Алар талыкпаган аракеттеринен жана башынан өткөргөн көптөгөн кыйынчылыктарынан улам ийгиликке жетишишет.

Эгерде алдыга жылууну кааласаңыз, билимиңизди өркүндөтүп, квалификацияңызды жогорулатып, ЖАҢЫ жөндөмдүүлүктөрдү үйрөнүүгө аракет кылышыңыз керек. Мисалы, англис тилин үйрөнүңүз. Өз алдынча проблеманы чече билүү (problem solving), эл алдында өз ой-пикириңизди эркин айта билүү (public speaking), эмоционалдык интеллектуалдуулук (emotional intelligence), жана сын-пикир менен ой жүгүртө билүү (critical thinking) сыяктуу азыркы учурдун популярдуу жөндөмдүүлүктөрүн үйрөнсөнүз оң болот.

Жакшы нерселерге жетүүнүн жалгыз жолу — өзүңүздү туруктуу өнүктүрүү.

 

3. Үйрөнүүнү кыскартып ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүңүздү арттырыңыз

Эгерде сиз өзүңүздү туруктуу өнүктүрүп жүрсөңүз, үйрөнүү жолун кыскартып, ийгиликке жетүү ыктымалдыгын жогорулата аласыз.

Жашоодо кандай гана ийгиликке же натыйжага жетүүнү каалабаңыз, ал ийгиликтерге же натыйжаларга буга чейин кимдир бирөөлөр жеткен. Болгону ошол ийгилике жеткен адамдардан САБАК алып үйрөнүп, алардын ийгиликтерин кайталасаңыз болот. Албетте, сиз алардын КАТАларын кайталабашыңыз керек.

 

4. Жеке өнүгүү сиздин потенциалыңыздын канчалык чоң экендигин ачып берет

Арнольд Шварценеггер өз сөзүндө: «Эгер сиз башкаларга окшоп жашасаңыз, анда бул дүйнөдө жашоонун маңызы эмнеде?» – деген. Ошондуктан жеке өнүгүүгө басым жасап, алдыга карай умтулсаңыз, ички мүмкүнчүлүктөрүңүздү ачасыз. Өзүңүздү канчалык өнүктурсөңүз, ошончолук өзүңүзгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт

Көпчүлүк адамдар өзүдөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүнөн күмөн санап, өздөрүнө болгон ишенимин жоготушат. Ошондуктан тобокелчиликке баргандан коркуп, көптөгөн ийгиликтерге жетпей келишет.

 

5. Ийгиликке жетүүнү кааласаңыз, сөзсүз түрдө өзүңүздү өнүктүрүшүңүз керек

«Проблеманын чоңдугу эч качан маселе эмес, маселе сиздин ой жүгүртүүңүздун чоңдугунда.»

Эгер сиз жөнөкөй жана алсыз болсоңуз, анда көйгөйлөрүңүз чоң болот. А бирок сиз кыйын жана күчтүү болсоңуз, анда чоң көйгөйлөр сиз үчүн кичинекей болуп калат.

 

6. Жашоого чоң таасир тийгизип, мурас калтырыңыз

Кевин Крус айткандай, «Жашоо киреше табуудан эмес, таасир калтыруудан башталат».

Ойлонуп көрүңүз, эмне үчүн көпчүлүк адамдар Google, Facebook жана Microsoft сыяктуу ири жана ийгиликтүү компанияларда иштегиси келет?

Себеби, бул компаниялар чоң максаттарга ээ жана алар адам баласынын жашоо сапатын жакшыртууга аракет кылып жатышат. Бул компаниялар тынымсыз өнүгүп, өркүндөп турушат.

Демек, сиз да өзүңүздү өнүктүрүп, башкаларды шыктандыруу үчүн өрнөк болгонго аракет кылыңыз.

7. Эмне үчүн болбосун?

 

Эмне үчүн өзүңүзду өнүктурушүңүз керек? Өзүңүзгө сурай турган эң жакшы суроо — “эмне үчүн болбосун?” деген суроо.

 

Потенциалыңызды жана мумкүнчүлүктөрүңүздү азыр колдонуп калбасаңыз, эртен өкүнүп каласыз. Бирок, эмнеден баштоо керек деп ойлоносуз?

 

Жооп жөнөкөй — алдыга чоң максаттарды койуңуз.

 

Кыялдарыңыздан жана максаттарыңыздан баштаңыз.

 

Жашоодо кандай ийгиликтерге жетүүнү кааласаңыз, ошол нерселерди туура жана так аныктап алыңыз. Андан соң, ал нерселерге жетүү үчүн кандай жөндөмдүүлүктөргө ээ болуш керек экендигин билип, ошого карап өзүңүздү өнүктүрүп, тынымсыз аракет кылыңыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE