Пример HTML-страницы

ЭМИ СИЗДИН ГАРДЕРОБ ЖАЙЫНА КЕЛЕТ

https://kyrgyzcha.site/?p=44406&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АРАК, ВАЗЕЛИН, САКАЛ АЛГЫЧ КРЕМ – ЭМИ СИЗДИН ГАРДЕРОБ ЖАЙЫНА КЕЛЕТ!

 

Көптөгөн кожойкелер колдонуп жүргөн мыкты ыкмалар.

 

Бул ыкмаларды колдонсоңуз, ар кандай кырдаалдардан оңой чыгып кетесиз. Помаданын тагы, өтүктөгү туздун издери, такалып калган сыдырма – эми бул көйгөйлөрдү унутасыз.

 

 

 

 

1. Май тактарды бат кетирүүнүн жолу

 

Идиш жуугуч каражатты колдонуңуз. Бир аз шыбап туруп сүртүп коюу жетиштүү. Дагы бир жолу: майда тузду сээп, бор менен кичине сүртүп туруп бир саатка коюп коюңуз, анан жөн гана үйлөп салыңыз.

 

 

2. Кийимден жытты кантип кетириш керек?

 

Кийимдеги жытты кетирүү үчүн сизге арак менен суунун 1ге 3 аралашмасы керек. Аны пулверизаторго куюп алып кийимге чачсаңыз, жыт бат эле кетип калат.

 

 

3. Тоналдык кремден калган такты кантип кетиребиз?

 

Кийимди жууштун алдында так болгон жерге сакал алчу крем (көбүк) шыбап жышып коюңуз.

 

 

 

4. Помаданын тагын кантип кетириш керек?

 

Помаданын тагына чачтын лагы жардам берет. Такка шыбап бир нече мүнөткө коюп коюңуз. Анан такты суулап туруп кир жуучу машинага салыңыз.

 

 

 

5. Замш бут кийимди тазалаш үчүн…

 

Замш бут кийимди тырмак үчүн жумшак өгөө менен кылдат тазалаңыз

 

 

6. Тери бут кийимдеги туздун тагын кетириш үчүн…

 

Кар менен туздун таасири астында пайда болгон ак шор тактарды, эки кашык сууга бир кашык уксус аралашмасын даярдап, жумшак тиш жууган щетканы малып алып тазалаңыз.

 

 

 

7. Бюстгалтердин темири өтүп жатса…

 

Лейка пластырды чыгып турган жерине чаптап коюңуз

 

8. Такалып калган сыдырманы кантип чыгарабыз?

 

Вазелин жардамга келет. Бир аз вазелинди сыдыргычка шыбап коюңуз. Жеңил сыдырыла баштайт

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE