Пример HTML-страницы

Чыпалак ар кимдики айырмалаланып тураарын байкадыңыз беле?

https://kyrgyzcha.site/?p=53839&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Чыпалак ар кимдики айырмалаланып тураарын байкадыңыз беле? Ал эмне айта алат?

 

Байыркы адамдар бул суроого жооп табуу үчүн хироманттарга кайрылышкан. Бул байыркы илимдин жактоочулары, алакандагы чийиндерди карап, болочок жашоону же азыркы болуп жаткан нерселерди айтышкан.

 

Азыр алакан карап төлгө салуу анча популярдуу эмес жана көп ишенич жаратпайт, ошондуктан келечекти билүүнү кийинкиге калтыралы. Бизди келечек кызыктырган жок, бизди азыркы кез кызыктырууда!

 

Сиз өзүңүз жөнүндө көптү билгиңиз келип жатабы – мисалы, манжалардын узундугу жана алар кантип биздин жашоого таасир этет?

 

Көрсө планетадагы бардык адамдарды, чыпалагынын узундугуна карап 3 типке бөлсө болот экен. Жана бул өзгөчөлүк адам жөнүндө көп нерсе айтып берет.

 

1. Тип А

 

Эгер сиздин чыпалак аты жоктун биринчи сызыгы менен тең болуп турса – бул, сиз оор басырыктуу жана тартиптүү адамсыз дегендик. Сиз табияттан эле тартипке жакынсыз, бардык оокаттарыңыз өз ордунда турганын сүйөсүз. Хаостон инстинктик деңгээде качасыз.

 

Сиздин жиниңизди чындап эле кашайтчу нерсе – бул белгисиздик.

 

Ойлоруңуз ирээттүү, чечимдериңиз жакшы ойлонулган. Сиз кырдаалды тыкыр изилдегенден кийин гана, өз ойлоруңузду түзөсүз.

 

Бат чечим чыгаргандардын катарына кирбейсиз. Сиздеги болгон ишеним түпкүрү инсандык сапатыңыздан көз каранды. Бул сизди башкалардан айырмалантып турат.

 

2. Тип Б

 

Эгер сиздин чыпалак аты жоктун биринчи сызыгынан төмөн турса, анда В тибине киресиз. Сиз өтө эмоционалдуу, сезимтал жана тез түшүнгөн адамсыз.

 

Муктаж болгон адамга кандай болсо да жардам бергенге умтуласыз. Кимдир бирөө сиздин ишенимге кирсе, ал үчүн бардыгын кылганга даярсыз. Бул сиздин алсыз жериңиз.

 

Жакын адамдарыңыздын күтүүсүз айткан сөздөрү сизге көбүнчө катуу тиет.

 

Сиз эмпатияга (башка бирөөнүн эмоционалдык абалын сезүү) жакынсыз. Өзүңүздү башкалардын ордуна коюп, алардын эмоциялык абалын сезүү сиздин тубаса жөндөмдүүлүгүңүз. Бул сейрек кездешүүчү өзгөчөлүк. Аныңыздан кайтпаңыз. Сиз чачыратып турган жылуулукту дагы ким чача алаарын ким билет.

 

3. Тип С

 

Эгер чыпалагыңыз аты жоктун биринчи сызыгынан жогору болуп турса, анда бул тип сиздики.

 

Бул деген – сиз киндай гана иш болбосун – жумушуңуз болобу, жеке ишиңиз болобу же мамиледе болобу, толугу менен берилген адамсыз дегенди билдирет.

 

Сиз өзүңүздү бир нерсеге толук арнаганга, жана башкалар күткөндөн дагы көп бергенге көнгөнсүз. Сиздин шексиз жоомарттыгыңыз – инсандык өзгөчөлүгүңүздүн негизги белгиси.

 

Ошондой эле сырды жакшы катасыз, өзүңүздү болсо коомдо абайлап жана сылык алып жүрөсүз.

 

Башкаларга кылган боорукердикке жооп катары сизге болгон адилеттүү мамилени күтөсүз. Тегерегиңизге, сиз кандай болсоңуз, ошол абалыңызды сыйлаган адамдарды чогултканды жактырасыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE