Пример HTML-страницы

ЧЫЧЫРКАНАК

https://kyrgyzcha.site/?p=43832&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЧЫЧЫРКАНАК ЭРОЗИЯНЫ АЙЫКТЫРЫП, АШКАЗАН ЖАРАСЫНА ДАБА БОЛОТ!

 

Чычырканактын пайдалуу касиеттери

 

— Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Аны такай жеп туруу — инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алуунун эң жакшы ыкмасы. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз.

 

— Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маңызын же чайын пайдалануу зарыл. Маңыз мындай жасалат: 1 чоң кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатуу керек. Жарым стакандан күнүнө 2 жолудан ичилет.

 

— Бул жемиштин иммундук системаны бекемдөөдөгү ролу да абдан чоң.

 

— Аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоодо да бул жемиш оң натыйжа берет.

 

— Курамында темир көп болгондуктан, аз кандуулукта жана алсыроодо жардамга келет.

 

— Чычырканактын жалбырагынан демделген чай оозулду дарылоодо натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.

 

— Ашказан рагын дарылоодо күнүнө 3 жолу 1 чоң кашыктан чычырканак жеп туруу жакшы жыйынтык берет.

 

Чычырканак майы менен дарылоо

 

Ашказан жарасын, гастритти айыктырууда чычырканак майы кеңири колдонулат. Бул оорулардан жабыр тарткан адамдар тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 1 чай кашыктан кабыл алып туруулары зарыл. Бир айдын ичинде күнүнө 3-4 жолудан бузбай ичкенде жакшы жагына өзгөрүү болгону дароо байкалат.

 

Жатын моюнчасынын эрозиясын чычырканак майы менен дарылоого болот. Ал үчүн чычырканак майын кебезден жасалган тампонго жакшылап сиңирип, жатын моюнчасына салып коюу керек. Тампонду күн сайын алмаштырып туруу зарыл. Процедура 8-12 күнгө созулат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн 4-6 жумадан кийин кайра кайталоо керек.

 

Теринин сырткы жарасын (ириңи жок) же күйүктү айыктырууда жаранын үстүнө чычырканак майын сыйпап, бинт менен таңып, аны күн сайын жаңылап байлап туруу зарыл.

 

Ашказан жарасында 1 чай кашыктан күнүнө 2-3 жолу ичүү зарыл.

 

Бүйлөлөрдүн сезгенүү оорусунда, пародонтоздо кебезди чычырканак майына чылап, ооруган жерге 10-15 мүнөт коюу керек. Бир-эки жуманын ичинде бул процедураны күнүнө 1-2 жолудан кайталоо керек.

 

Баланын иммунитетин көтөрүү үчүн бир айлыгынан баштап берүүгө болот. Алгач оозуна бир тамчыдан тамчылатып баштап, бара-бара көбөйтүп отуруу керек.

 

Чычырканакты кимдер пайдаланууга болбойт?

 

Ашказан алдындагы без, боор, өтү ооругандар;

Панкреатит менен ооругандар;

Аллергияга жакын адамдар;

Ашказанында кычкылдуулук жогору болгон адамдар.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE