Пример HTML-страницы

Чачка үй шартында кам көрүү

https://kyrgyzcha.site/?p=44628&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Чачка үй шартында кам көрүү

 

 

 

 

Чачтардын ылдам өсүүсүнө жана жаркыратуучу бальзам.

2 аш кашык кастор майын 1 чай кашык алма уксусу менен аралаштырып, ага жумуртканын сарысынан экини кошуп, даяр болгон смеске 3 аш кашык кадимки эле күнүгө колдонуп жүргөн шампуньдан кошуп, баардыгын аралаштырабыз.

Бальзамды сууланган чачка сүйкөп, полиэтилен кленкасы менен чачты жаап, 10-15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

 

Бузулган жана кургак чачтар үчүн азыктандыруучу бальзам.

1 аш кашык ши майын идишке салып, аны сууда кайнатып алабыз да, жумуртканын сарысын аралаштырып, 1 аш кашык алма уксусу менен кошобуз. 50мл тазаланган сууга бир чымчым хитозан, 2 чай кашык глицерин кошуп, дагы аралаштырабыз. Бальзамды сууланган чачка сүйкөп, 5-10 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

 

Чачтын түшүшү анын жашоо циклинин бир стадиясы болуп саналат. Эгер бир суткада 20-50 тал чач түшсө, мунун коркунучу жок. Эгер андан да көп түшүп баштаганын сезсеңиз, анда чара көрүшүңүз керек.

 

• Жаңы жашылчаларды, мөмө-жемиштерди көп жеңиз. С витаминине бай жемиштерге – алма, киви, ананас, жүзүм, дегеле цитрус жемиштерине басым жасаңыз. Жаңы бадыраңды да жеп турууну унутпаңыз. Ал кремнийге бай.

• Тамактануу рационуңузга дан өсүмдүктөрүн, күрүчтү көп кошуңуз. Аларда цинк жана В6 витамини көп. Бул азыктарды эрте мененки тамакта колдонгонуңуз жакшы.

• Буурчак азыктарын көп колдонуңуз. Алардын курамындагы В тобундагы май сымал витамин тамырларда холестериндин туруп калышына жолтоо болот.

• Эттүү жана балыктуу тамактарга лимондун соусун кошуп алыңыз. Анын кычкылы белокторду жарып, жакшы сиңишине жардам берет. Белок менен кошо В тобундагы витаминдерди да аласыз.

• Эгер дайыма геркулестин тундурмасын ичип турсаңыз, чачыңыз тим эле кулпуруп калат. Аны даярдоо оңой: кечинде 1 стакан сулу унуна 1 литр суу куюп, 12 саат коюп, эрте менен сузуп алып, иче бересиз. Ошондой эле эрте менен жана кечинде 1 аш кашыктан жүгөрүнүн, зайтундун же күн караманын майын ичип турган жакшы.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE