Пример HTML-страницы

Чүйдө 60 жаштагы Мухтарам Каримова дайынсыз жоголду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районунда 1964-жылы туулган Мухтарам Каримова 3 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу анын жакын туугандары билдиришти.

«3-июнь күнү үйдөн чыгып, Бишкек шаарын көздөй кеткен бойдон дайынсыз. Үстүндө ак көйнөк, ак жоолук салынып жүргөн», — дешти алар.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, издөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Жогоруда аталган жаранды көргөн-билгендер болсо 0312 363527, 363523, 0703178621, 0220462959 номурлары аркылуу кабарласа болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE