Пример HTML-страницы

БУТ КИЙИМДИН ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТЫНАН КАНТИП АРЫЛСА БОЛОТ

https://kyrgyzcha.site/?p=54445&preview=true Пайдалуу кеңештер.

БУТ КИЙИМДИН ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТЫНАН КАНТИП АРЫЛСА БОЛОТ

 

Күн ысыган сайын бутуңуз тердеп ыңгайсыз абалды жарата баштайт. Өзгөчө сапаты начар бут кийимдер ар кандай жагымсыз жыттарды чыгарат. Мындай абал аялзаты менен мырзаларды бирдей эле убайга салат. Төмөндөгү ыкмаларды колдонуу менен бул көйгөйдөн биротоло арыла аласыз.

 

 

 

1-ыкма: Бут кийимдин ичине бир аш кашык соданы башынан аягына чейин себелеп түнү менен калтырып коёсуз. Эрте менен бут кийимиңизди бир ирет кагып кийип алсаңыз болот. Мындай ыкманы бир жума тынымсыз кайталасаңыз, жагымсыз жыттан биротоло арыласыз.

 

 

 

2-ыкма: Эрте менен сыртка чыгардан 30 мүнөт мурун бир аш кашык талькты бут кийимиңизге себиңиз. Толугу менен сиңген соң кие берсеңиз болот. Же болбосо талькты таманыңызга сүйкөп койсоңуз да болот.

 

 

 

3-ыкма: Шалфей менен лаванданын жалбырактарын аралаштырып, бут кийимдин ичине салып таза абага коюп коюңуз.

 

 

 

4-ыкма: Апельсин, лимон, грейпфруттун кабыктарын аралаштырып, кечинде бут кийимдин ичине салып коюңуз.

 

 

 

5-ыкма: Кечинде же күндүз бут кийимдин батегине эфир майынан бир нече тамчы тамчылатыңыз. Бул ыкманы эки жума катары менен кайталаңыз. Ал бутта бактериялардын пайда болуусунун алдын алат.

 

 

 

Бутту таза алып жүрүүнүн ыкмалары

 

1. Бутуңузду күн сайын самындап, атайын жышыгыч менен жууп туруңуз. Муну менен бактерия менен азыктанган теридеги өлгөн торчолордон арылууга болот. Айрыкча манжалардын ортосун таза жууш керек.

 

2. Бутуңузду күн сайын самындап, атайын жышыгыч менен жууп туруңуз. Муну менен бактерия менен азыктанган теридеги өлгөн торчолордон арылууга болот. Айрыкча манжалардын ортосун таза жууш керек.

 

3. Бутту жууган соң аарчып кургатыңыз. Анткени буттагы нымдуулук бактериялардын активдүү иштешине өбөлгө түзөт. Колтукка сүйкөгөн антиперспиранттан да сүйкөп койсоңуз болот.

 

4. Суу кошулуп даярдалган уксус менен спиртти бирдей өлчөмдө алып аралаштырып, тамчылатманын жардамы менен буттун манжаларына тамызып коюңуз. Андан сырткары сууга уксус, бир аш кашык ашкана содасы жана кара зире майынан бир нече тамчы кошуп ванна жасаңыз. Бул кошулмалар буттун жагымсыз жытынан арылтат.

 

5. Бут кийимди күн алыс жууп, жакшылап кургатып кийиңиз. Ыңгайы келген жерде, жумушта деле бут кийимди чечип коюңуз. Мында бутуңуз дем алып нымдуулук жаратпайт.

 

6. Коюу демделген ысык кофени тазикке куюп, кофе муздаганга чейин бутуңузду салып отуруңуз. Бул ыкманы жумасына үч жолу жасаңыз.

 

7. 1 литр кайнак сууга 100 грамм ири жалбырактуу кара чайды демдеп, жылуу болуп калганда бутуңузду салып отуруңуз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE