Пример HTML-страницы

Бруцеллез оорусу

https://kyrgyzcha.site/?p=47849&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Бруцеллез оорусу негизинен бруцеллез оорусу менен ооруган мал-жандыктардан жугуучу антропоноздук оорулардын катарына кирет.

 

Адамдарга бул оору көпчүлүк учурда мал-жандыктардын туут маалында көп жугуп калат. Себеби тууттун жүрүшүндө адамдын колдору бруцеллезду козгогучтар (бруцеллалар) менен көбүрөөк байланышта болот.

 

Түйүлдүктүн тону, жатындагы суулар, кан, ылаңдаган жаныбарлардын жыныс органдары бруцеллездун сан жеткис козгогучтарын камтыйт жана алар кокус резина кол каптары болбосо колдогу майда жараттар жана сыйрыктар аркылуу адамдын денесине кирип кетет. Козгогучтар ошондой эле жуулбаган колдор аркылуутамеки тартып жатканда же тамак ичип жатканда оозго кирип кетет. Мындан тышкары адамдар малды союп жатканда, тамакка оорулуу малдан алынган сүт жана эт азыктарын пайдаланууда ооруну жугузуп алышы мүмкүн.

 

Бруцеллез менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк оорушат, себеби үй-чарбасында демейде туут маалында 10 жаштан жогорку эркектер алектенишет.

 

Бруцеллездон кантип сактануу керек

 

Малды төлдөтүү учурунда сөзсүз резина колкап жана өтүк кийип, клеенка алжапкыч тагыныш керек.

Төлдөтүү үчүн атайын жай бөлүштүрүү керек.

Тондорду көмүш үчүн тереңдиги 1 метрден кем эмес чуңкур даярдап коюш керек.

Төлдөтүүчу жайгабалдардыжолотпогула.

Төлдөтүп жатканда тамеки чекпеш керек жана тамактанбаш керек.

Төлдөткөндөн кийин колкап, өтүк, алжапкычтарды жана төлдөтүү болгон жерди дезинфекциялаш керек.

Малды союп жатканда ошол эле сактануучу каражаттарды (резина колкап менен өтүк, клеенка алжапкычты) пайдалангыла.

Жумуштан кийин колуңарды самындап жуугула.

Тамакка оорулуу малдан алынган сүт жана эт азыктарын пайдаланууда ооруну жугузуп алуудан сактануу. (Таза бышырып пайдалануу

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE