Пример HTML-страницы

БООР ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ АЗЫКТАР!

https://kyrgyzcha.site/?p=44659&preview=true Пайдалуу кеңештер.

БООР ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ АЗЫКТАР!

 

Боор- бул адам баласынын организмине тамак- аш аркылуу кирген зыяндуу жана пайдалуу заттарды өз- өзүнчө бөлүп фильтр сыяктуу кызмат кылат. Андыктан боор өтө маанилүү органдардын бири жана ага талапка ылайык туура кам көрө билүү зарыл. Андыктан боор үчүн пайдалуу азыктардын түрүн билип алып, аны күнүмдүк кабыл алган тамак- ашыңызга кошуп пайдаланыңыз.

Деңиз капустасы

Деңиз капустасынан жасалган салаттын 5 пайыздык курамын альгинаттар түзөт. Ал, организмдеги зыяндуу заттарды ээритүүгө түрткү берет. Кандагы холестреиндин деңгээлин төмөндөтөт жана калкан бездеринин иштешин жакшыртат. Анткени деңиз капустасынын курамы йодго бай келет.

Майсыздандырылган сүт азыктары

Йогурт, кефир жана ряженка боор үчүн эң эле пайдалуу сүтазыктары болуп эсептелет. Алар организмдеги токсиндерди айдап чыгат жана ичегилердеги микрофлордун жакшцы иштешине шарт түзүп берет.

Зайтун майы

Зайтун майы боорго 100 пайыз пайдалуу келет. Курамындагы антиоксидант, Е витамини таксиндерден арылтып, организмди зыяндуу заттардан эң жакшы коргойт. Андыктан салатка майонез эмес зайтун майын кошуп пайдаланыңыз. Мындан сырткары зыгыр майы дагы өтө пайдалуу.

Белоктун булагы болуп, майсыз эт азыктары, балык жана жумуртка кирет.

Боор үчүн пайдалуу жашылча жемиштер

Болгар калемпири, ашкабак жана кызыл- саргылтым түстөгү бардык жашылча- жер- жемиштер пайдалуу келет. Айрыкча оор тамактанып алууда бул жемиштердин жардамыф тийет. Мындан сырткары, пияз, төө буурчак, брокколи, базилик менен петрушканын да пайдасы чоң.

Кургатылган жер- жемиштерден ичинен боор үчүн курага өтө пайдалуу.

Ал эми авакадо организмдеги токсиндер менен күрөшөт.

Жаңы даярдалган ширелердин арасынан алма, ашкабак жана кызылча ширелери пайдалуу.

Боор үчүн пайдалуу витаминдер:

1. А витамини. Ал кызыл жана саргылтым жашылчаларда бар.

2. Липевой кислота. Сүт азыктарында, шпинат, майсыз уй этинде бар.

3. Е витамини. Дан азыктарынан жасалган ботколордо, балык жана зайтун майында бар.

Боор үчүн пайдалуу чөп чайлар:

1- расторопша

2- чанка пьедра («камнеломка»)

3- чистотел

4- цикорий

5- одуванчик

6- жалпыз

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE