БИР ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮ ЭТАБЫ

БИР ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮ ЭТАБЫ Пайдалуу кеңештер.

БИР ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮ ЭТАБЫ

Бир жашка чейинки балдардын өнүгүү этабы

 

Албетте ар бир баланын жөндөмү ар башка. Бирок баланын акыл-эсинин өнүгүү этабы негизинен төмөнкүдөй тартипте кетет. Эгер сиздин 1 жашка чейинки балаңыз болсо, салыштырып көрүңүз…

 

1 айлык бала:

 

— Чоң адамдын бетин жана ачык түстүү буюмдарды аныктайт

 

— Чоң адамдын сүйлөгөнүнө жооп кылып жылмая баштайт

 

— Курсагынан жаткан калыбында башын көтөрүүгө жана кармаганга аракет кылат.

 

2 айлык бала:

 

— Кадимкидей сергек болуп, үстүндө илинип турган оюнчуктарын карайт

 

— Оюнчуктарынын кыймылын ээрчип карайт

 

— Адамдын же буюмдардын үнүн укканда кыймылын токтотуп тыңшап калат

 

— Аны менен сүйлөшкөндө жылмаюусу менен дароо жооп берет.

 

3 айлык бала:

 

— Чоң адамдын бетине көз карашын токтотуп, анын сүйлөгөнүнө кулак салып калат

 

-Чоң адамдын сүйлөгөнүнө кубаныч менен жооп берет: жылмайып, колу-бутун тыбырчылатып, кандайдыр бир үндөрдү чыгарып жана башка.

 

— Yстүндө илинип турган оюнчуктарына кокусунан колу менен тийип алат

 

— Көмкөрөсүнөн бир нече мүнөткө чейин жатып, башын жакшы кармап калат

 

— Тигинен көтөргөндө башы шылкылдабай, жакшы кармалат.

 

4 айлык бала:

 

— Yн чыккан жакты башын буруп карайт

 

— Көп жылмаят, катуу үндөрдү чыгарат, көп кыймылдайт

 

— Аны менен ойногондо катуу күлөт

 

— Yстүндө илинип турган оюнчуктарын көңүл коюп карайт, сыйпалап көрөт, тарткылайт

 

— Ээмп жатканда апасынын эмчегин же бөтөлкөнү кармап алат.

 

5 айлык бала:

 

— Жакын адамдарын чоочундардан айырмалай билет

 

— Чоң адамдын өзүнө карата кандай тон менен сүйлөп жатканын айырмалайт

 

— Сергек кезинде кандайдыр бир обонго салып узакка чейин «ырдайт»

 

— Шылдырактарын даана, көпкө чейин колунда кармап турат.

 

— Көмкөрөсүнөн көпкө чейин жата берет

 

— Далысынан курсагына оодарылат

 

— Кармап турса түз турат.

 

6 айлык бала:

 

— Муундарды өз-өзүнчө айта баштайт

 

— Оюнчуктарын өзү алып, көпкө чейин аны менен ойнойт

 

— Курсагынан далысына оодарылат

 

— Манежинен жыла баштайт

 

— Тамакты кашык менен жеп калат.

 

7 айлык бала:

 

— Көпкө дейре бир нерселерди балдырап, бир муунду кайра-кайра кайталай берет

 

— «Кана тобуң» (шылдырагың, шапкаң ж.б )? деген суроого жооп кылып, эки жагын карап издеп калат. Такай бир орунда турган буюм болсо таап да келет

 

— Көп жана жакшы жылып калат.

 

8 айлык бала:

 

— Ар кандай муундарды катуу жана кайра-кайра кайталап айтат

 

— Чоңдордун үйрөтүүсү боюнча ар кандай кыймылдарды кыла баштайт (колуңду бер, мурдуң кана? ж.б.)

 

— Сергек маалында оюнчуктары менен көпкө чейин ойнойт. Аларды көңүл коюп карайт, бири-бирине кагыштырат ж.б.

 

— Отурган абалынан өзү жатып, жаткан абалынан отура алат

 

— Колу менен бир нерсеге жөлөнүп, өзү турат

 

— Бир нерсеге жөлөнүп басат

 

— Өзү колуна кармап, нанды жей алат

 

— Чоң адам кармап турган пияладан өзү ичет.

 

9 айлык бала:

 

— Чоң адамды туурайт, анын артынан муундарды кайталайт

 

— «Кана?» деген суроого жооп кылып кайсы жерде турганына карабай бир канча буюмду таап келет

 

— Өзүнүн атын билет, чакырган жакка бурулат

 

— Ар бир буюмдун өзгөчөлүгүнө жараша мамиле кылат: топту тебет, машинаны айдайт ж.б.

 

— Чоң адам кармап турган пияланы өзү да жеңил кармап, пияладан жакшы ичип калат

 

10 айлык бала:

 

— Чоңдорду туурап, алар кандай үн чыгарса ошону кайталай алат

 

— Чоңдор кайсы оюнчугун сурабасын таап, алып келет.

 

— Оюндарды билип калат. Мисалы «ку-ку» деген сөзгө апасынын бетине бекинет.

 

11 айлык бала:

 

— Алгачкы сөздөрдү айта баштайт: «ав-ав», «ме» ж.б.

 

— Кубиктерди биринин үстүнө экинчисин коюп, пирамиданы жасай алат.

 

— Өз алдынча тура алат.

 

12 айлык бала:

 

— Жаңы муундарды оңой эле туурайт

 

— 10 чакты сөз айтат

 

— Түшүнгөн сөздөрүнүн саны көбөйөт. Эч кандай кыймыл-аракетсиз эле бир нече буюмдун аталышын жана жакындарынын аттарын билип калат.

 

— Өз алдынча басып калат

 

— Пияланы өзү кармап ичет.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️