Пример HTML-страницы

Бир ишенимде болуунун мааниси…

https://kyrgyzcha.site/?p=49316&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Бир ишенимде болуунун мааниси...

Физика илиминде бир эреже бар:

Плюс плюсту, минус минусту өзүнө жолотпой түртүп турат. Терс болгон нерселер бири бирине тартылышып турат.

Эки киши бири-бирине «меники туура” деп отурса ортодо уруш чыгат, тынчтык кетет.

Бири экинчисине «сеники туура” десе уруш бүтөт, тынчтык башталат.

Аял-күйөө да бири-бирине «сеники туура” десе тынч жашоо болот. Экөө тең «меники туура” деп отурса тынч жашоо болбойт. Ал эми экөө тең бири-бирине «сеники туура” дей турган болсо эмне болот? Ал үйдө тынчтык өкүм сүрүп, илахи махабат сүйүү башталат.

•Дос өтө маанилүү. Кимди сүйсөк ошолор менен бирге суракка алынабыз. Кандай жашасак ошондой өлөбүз, кандай өлө турган болсок ошондой тирилебиз.

•»Куфув” деген сөз – тең болуу дегенди түшүндүрөт.

Анын динибизде маанилүү орду бар. Иште, күчтө, түгөйүн табууда теңдикти издөө керек. Башкача айтканда, бир ишенимде болуу, бирдей сүйүүдө болуу, бирдей максатта болуу керек. Буга көп көңүл буруу керек, себеби, бул иш өтө оор жана маанилүү. Себеби, пайдасы да зыяны да көп. Эки адам напсилеринин арзуулары аркасында бирге боло турган болсо мунун акыры жакшы болбойт. Бирок, акыл, дин жана ыйман менен бириге турган болсо өтө жакшы болот.

Бирге жумуш кылган адамдар менен, мамиле кура турган адамдар менен же болбосо үйлөнө турган адамыбыз менен бирдей түшүнүктө болбосок көп кыйынчылык тартабыз, себеби, ал башка бир жерге кетет, биз башка бир жерге кетебиз мунун аркасында өмүр бою тынчсыздык улана берет.

Мажнун жана анын төөсү

Бир күнү Мажнун Лейланы көрүү үчүн бекем чечим чыгарып, төөсүн токуп жолго чыгат.

Лейланын айылы тарапка жол тартат. Бирок, мындан эки-үч күн мурда төөсү тууп койгон эле.

Мажнун жолго чыгар замат зикирге чөмүлөт.

Төө дагы Мажнундун зикир менен алаксып калганын байкап акырын сездирбестен артка карай ботосунун жанына барат.

Бир канча убакыттан кийин Мажнун өзүнө келип:

«Кызык, мен каякка келип калдым?” — деп таң калат. «Аллах Аллах, ошол эле жерде жүрөм, бул иште бир жаңылыштык бар, кана эми көрөлүчү деп Лейланын айылы тарапка салат кайрадан.

Бир канча жол баскан соң кайтадан зикир менен алек болот.

Төө муну байкаган соң кайрадан ботосунун жанына келип калат.

Мажнун бир убакыт өткөндөн кийин:

«Мен кайда келдим экен, Лейланын айылына келдикпи?” — деп эки жагын каранат. Дагы эле ошол жер. Бул иште бир нерсе бар дейт.

Төөсүн каякка салбасын кайрылып ботосунун жанына келгендигин түшүнөт. Абалды түшүнгөн Мажнун төөгө:

«Досум, сен өзүңдүн ашыгыңа күйүп-жанып жатасың.

Мен өз ашыгыма өрттөнүп жатам.

Биз экөөбүз бирге боло албайбыз.

Сен ботоңо ашык болсоң мен Лейлага ашык болдум. Булар эки башка нерселер, андай болсо, экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшө албайбыз, сен мында кал, мен болсо жөө кетейин дейт.

Демек, башка-башка түшүнүктөгү адамдардын бир максаттын аркасында биригүүлөрү өтө кыйын, биригүүсү мүмкүн эмес.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE