БЕЗЕТКИ ( УГРИ) ТАЖАТТЫБЫ ? АНДА..
Эгер сиздин бетиңизге безеткилер чыгып, бет териңиз бузулса, демек, сиз туура эмес тамактанып жатасыз. Анткени организм тигил же бул азыктын жетишсиздигинен же ашыкчалыгынан кыйналат да, анын баары бетке чыгат. Безеткинин себепчиси болгон
азыктар кайсылар?..
Кофе. Эгерде сиз күнүнө үч кружкадан ашык кофе ичсеңиз, организмиңизде кофеиндин ашыкча болуп кетишине жол ачкан болосуз. Ал эми ашыкча кофеин сизге безетки “белек” кылат. Бул мындай түшүндүрүлөт: кофе стрессти чакыруучу кортизол гормонунун көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Стресс болсо териде пайда болгон маселелердин бирден-бир себепчиси. Бул жаатта айрыкча ач карын ичилген таттуу кофе кооптуу.
Ун азыктары жана таттуулар. Шоколад, шекер, печенье, торт, чипсы, газдалган таттуу суусундуктар да безеткинин себепчилери. Бул азыктардан баш тартууга мүмкүн эмес, болгону аларды жер-жемиштер менен, газдалган таттуу суусундукту көк чай менен алмаштырып туруңуз.
Безеткинин пайда болуу себептери
1. Гормоналдык өзгөрүү. Безетки жыныстык жактан жетилүү курагында көп чыгат. Бул гормондордун таасиринен. Бул маселе майлуу беттүү өспүрүмдөрдө көп кездешет.
2. Тукум куучулук. Ген аркылуу берилген безеткиге жакындык да болот.
3. Тамак сиңирүүдөгү маселелер. Өнөкөт ич өтүү жана ичегилердеги тең салмаксыздык да көп учурда териде жаралган маселенин себепчиси болот.
4. Туура эмес тамактануу. Жеген тамактагы ашыкча крахмал, шекер, куурулган жана майлуу азыктар, кофе, курамында йод бар азыктар да безеткинин пайда болушунун дагы бир себепчиси. Безеткиден арылууда дары-дармектерден көрө тамактанууну жөнгө салуу алда канча натыйжалуу.
5. Тамеки жана ичимдик. Булар калыптагыдай зат алмашууну бузат, ал эми андан токсиндер жана уу ден соолукка айыккыс зыян келтирет. Тамеки менен ичимдиктин айынан бир гана бетке безетки чыкпай ар кандай тактар чыгып тери өзүнүн жагымдуулугун, табигыйлыгын жоготот.
6. Стресс. Нервдин бузулушу, стресс, тынчсыздануу да безеткинин себепчилери болот.
7. Аба ырайынын шарты. Жыл мезгилинин жана климаттын алмашышы, ошондой эле күндө көп болуу да бетке безеткинин чыгышына шарт түзөт.
8. Макияж. Макияждын кээ бир түрлөрү безеткиге жеткириши мүмкүн. Макияжды өтө көп колдонгон айымдар сөзсүз түрдө безетки менен “кагылышат”. Анткени алардын териси күн бою дем алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбойт. А кечинде жакшы тазалабоо андан да көп безеткинин чыгышына шарт түзөт.


















































