Пример HTML-страницы

Беттин өңүн кантип аныктаса болот?

https://kyrgyzcha.site/?p=46512&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Беттин өңүн кантип аныктаса болот?

Адамдын терисинин түсү ушунчалык түрдүү. Аны аныктоого да чектөө жок. А бирок негизинен тери эки түстөн турат экен. Биринчиси, адамдын өзүнүн терисинин табигый түсү жана кайсы бир каражаттардын жардамы менен өзгөртүлгөн (подтон кожи) түс. Биринчиси төмөнкү факторлордон таасири менен айырмаланат. Мисалы, жашка карата, күнгө күйгөндө жана ар түрдүү эмоцияга кабылганда. Экинчиси болсо туруктуу ал эч убакта өзгөрбөйт. Бул боюнча сиз тоналканы, пудраны, помаданы, румянаны бетиңиздин өңүнө жараша туура тандашыңыз керек.

Териге түспөлдөш негизги үч өң

 

Жылуу (теплый)- сары же коло түстүү өңдөр

 

Муздак (холодный)-көк, кара көк, күлгүн өңдөр

 

Бейтарап (нейтральный)-мында жогорку түстөрдүн айкалышы болуп саналат. Көбүнчө теринин табигый түсүнө дал келүүчү өңдөр.

Кан тамыр (вена) менен жүргүзүлгөн тест

 

Билегиңиздеги кан тамырыңыз жашылыраак болсо, сиз териңизге жылуу өңдөрдү колдонсоңуз болот. Ал эми кан тамырыңыз көгүш болсо, анда сизге муздак өңдөр жардамга келет. Эгерде кан тамырыңыз бир эле учурда көгүш да жана жашыл түстө боло турган болсо, анда жылуу менен муздак өңдөрдүн айкалышын колдонгонуңуз оң

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE