Пример HTML-страницы

Беттеги бырыштарга бет май күнөөлүүбү?

https://kyrgyzcha.site/?p=44082&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Беттеги бырыштарга бет май күнөөлүүбү?

 

Беттеги бырыштарга бет май күнөөлүүбү?

Ар бир айым беттеги бырыштарды байкаган соң анын кайдан пайда боло калгандыгын ойлонуп, тынсыздана баштайт эмеспи. Бирок, көпчүлүк учурда анын себебин издебей эле жарнамалардагы бырыштардан арылтуучу каражаттарды сатып алып колдонгонго шашылышат эмеспи. Ал эми адистердин айтымдарында, бет терисиндеги алгачкы бырыштар жаш куракка эмес, териге туура эмес кам көргөндүктөн келип чыгаарын баса белгилешет. Каталыкты жоюуга кеч эмес. Демек, алгач, эмнени туура эмес жасап жаткандыгыңызды изилдеп тапканга аракет жасаңыз.

Фотография

Ылайыксыз бет май

 

Бет териңиздин абалына туура келбеген бет май колдонуу эң биринчи катачылык болуп эсептелет. Көпчүлүк учурда айымдар белекке берилген же атайын арзандатылган баа менен сатылган кээде жарнама аркылуу катуу макталган бет майларды колдонушат. Бул туура эмес. Ошондуктан биринчи атайын косметолог адисине кайрылып, бет териңиздин абалы кандай экенин билип алганыңыз жакшы. Адатта бет теринин абалы төрткө бөлүнөт. Майлуу, кургак, орто жана аралаш. Андан кийин косметика тандоого жөнөңүз.

Фотография

Беттеги бырыштарга бет май күнөөлүүбү?

 

Самын терини кургатат

 

Самын менен бетиңизди жууган туура эмес. Анткени самындын курамындагы кээ бир каражаттар бет териге зыянын тийгизет. Албетте, самын чыгаруучулар ага ар кандай эфир майларын же чөптөрдү курамына кошуп, пайдалуу деп келишет. Бирок, мындай учурда деле самындын курамындагы бет терисине зыян алып келүүчү зат толугу менен жоголбойт. Ошондуктан самындын ордуна атайын бет териңизге туура келген каражаттар менен жууп- тазалаганыңыз жакшы.

Фотография

Беттеги бырыштарга бет май күнөөлүүбү?

 

Терең тазалоо маанилүү

 

Эртең менен бетти жеңил жууп чайкап коюу менен чектелген туура эмес. Ички организмден түн ичинде бөлүнүп чыккан ар кандай зыяндуу заттар беттеги тешикчелерге толуп калат. Ошондуктан эртең абдан жакшы тазалап жууш керек. Эгер зыяндуу калдыктар калып калча ал беттин тырышына жол ачат.

Фотография

Беттеги бырыштарга бет май күнөөлүүбү?

 

 

Скрабды ашкере колдонууга болбойт

 

Курамын катуу заттан турган скрабдарды узак убакытка колдонуу туура эмес. Кээ бир скрабдардын курамында туз сыяктуу бөлтөкчөлөр бар, булар терини бузат. Ошондуктан скрабды мончого барганда эле колдонбосоңуз, күнүмдүк колдонбой эле койгонуңуз дурус.

Фотография

Моюн менен төш дагы бырышат

 

Бет териге кам көрүү менен чектелбей моюн жана төшкө да көңүл буруу маанилүү.

 

Анткени бет терисине караганда моюн менен төш терилери абдан назик келет. Ошондуктан бул жерлерге да маска жаап, бет май койгонду унутпаңыз.

 

Беттеги бырыштарга бет май күнөөлүүбү?

 

Кээ бир косметикалык буюмдар бактерия топтойт

 

Бетиңизди боёгон учурда колдонулган буюмдарга да көңүл бурушуңуз керек. Мисалы, упа сүрткөн жумшак мачалканы айына бир жолу алмаштырып туруу зарыл. Аткени ал өзүнө бактерияларды, зыяндуу заттарды топтоп алат.

Фотография

Беттеги бырыштарга бет май күнөөлүүбү?

 

Жаш куракка ылайык бет май колдонуу маанилүү

 

35-40 жаш куракта куракка каршы (антивозрастной) косметикалык каражаттарды колдонууга маани бербеген туура эмес. Адатта бул куракта бет териси көп кургап, бырыштардын көбөйүшүнө жол ачат. Андыктан косметолог адиси менен кеңешип туура косметикалык каражаттарды алып колдонуңуз.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE