Пример HTML-страницы

Беенин сүтү

https://kyrgyzcha.site/?p=15040&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Б Э Э Н И Н  С Ү Т Ү.

Азыркы мезгилде бээнин сүтүн ичүү убагы. Бээнин сүтүнүн составында май,Углевод,белок,аминокислоталар, ферменттер,витаминдер — Е,А,С,В1,В2,В6,В12, микроэлементтерден — калий,кальций, темир,фосфор,натрий,жез,йод,марганец,цинк,кремний бар. Сүттү дайыма пайдалануу кан айланууну жакшыртат.Айрыкча эркектердин бел кубатын кучтөндүргөнгө жакшы.Диетикалык азык болгондуктан ,арыктаганга ичсе жардам берет.Составында Аскорбин кислотасы болгондуктан иммунитетти жакшы көтөрөт жана вирус ,микробдон коргойт. Составында Е витамин болгондуктан атеросклерозго ,кандын составындагы холестеринди азайтууга ичсе пайдалуу. Составында Тиамин болгондуктан нерв системасына жакшы. Бээнин сүтү зат алмашууну жакшыртууга,суук тийгенге, онкологиялык ооруларга, катаракта ,жаш балдардын ич өткөкүнө, боорго,ашказанга,тери жараларына ичсе пайдалуу. Тынымсыз ичип жүрүү терини жылмакай кылат да ,тез картайтпайт. Гастрити барлар гана абайлаш керек,калгандар баары иче берсе болот. Ал эми кымыз— өт,сийдик айдоочу,анемияга, муун жана өпкө туберкулёзуна,ашказан,12эли ичегинин жарасына,дизентерияга,нерв системасына,свищке дарылык касиети бар. Сийдик түтүкчого спринцоват этсе,жатындын моюнчасына тампон койсо болот. Гастриттерге кымыз сунушталбайт. Ичүү 50 мл ден акырындап 250 мл не жеткирүү керек. Бир күндө 5 жолу, күнүмдүк норма 3л ге чейин. Ал эми бээнин сүтүнү ичүүнүн эрежеси ач карын эртең менен эки жолкусун ичип ,анан жеңил чай ичип , жеңил тамак жеп бир күндө 5-7 жолу 200 гр ичүү керек. Майлуу, күчтүү тамак,жашылча жемиш мүмкүн эмес. Ачка жүрүп ичсе аябай пайдалуу, ичүү 1 ай болсо жакшы эффект берет. Алгач ичкенде ич өтөт ,бул табигый көрүнүш ,болуш керек. Бул тазалануу процесси болот. Ар кандай фирмалардын БАДынан арзан,табигый продукт. Пайдасы аябай жакшы ичиниздер,оорубаныздар!

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE