Пример HTML-страницы

Базар-Коргондо прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин дээрлик 140,6 млн сомдук жер мамлекетке өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 6,60 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Базар-Коргон райондук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кеңеш айыл аймагынын №1197-1199 контурунда жайгашкан 6,60 га бак-дарактар ээлеген айыл чарба багытындагы жер тилкеси жеке жана юридикалык жактардын, же болбосо мамлекеттин эсебине каттого алынбагандыгы аныкталды.

«Аталган мыйзам бузуучулуктарды чететтүү жөнүндө райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жалпы баасы 140 млн 595 миң 583 сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекеттин балансына алынды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE