Пример HTML-страницы

«БАШКА КЫЙЫНЧЫЛЫК ТУШКОНДО УШУЛАРДЫ ОЙЛОНУЗ»

https://kyrgyzcha.site/?p=42320&preview=true Пайдалуу кеңештер.

«БАШКА КЫЙЫНЧЫЛЫК ТУШКОНДО УШУЛАРДЫ ОЙЛОНУЗ»

 

 

Ар бир адамдын башынан оор убакыттар өтөт. Кыйынчылыктарды баарыбыз эле көрүп келатабыз. Аны кээ бир адамдар жеңил, кээ бирлери оор көтөрөт. Мунун сыры эмнеде? Белгилүү профессор Кэрол Морган баардыгын окуяга болгон адамдардын мамилесине жараша болгондугун айтууда.

 

 

 

Турмушуңуз оордоп турганда эстеп койчу нерселер төмөнкүлөр:

 

1. Башкача айтканда …

 

Чыгыштын атактуу накыл сөзү бар: «Сиздин кайгыңыз окуяга болгон каршылыгыңыздан гана жаралат». Бул тууралуу бир мүнөт болсо да ойлонуп көрсөңүз. Кайгы-муң биздин айланадагы болгон нерселерди кабыл албай койгонубуздан пайда болот. Эгерде өзгөртө турган нерсе болсо кылыңыз. Антүүгө болбосо анда сизде эки варианттыңыз калат: абалды кабыл алуу же терс нерселер аркылуу кайгырууну улантуу.

 

2. Маселе сиз аны эсептегенде гана жаралат

 

Биз дайымы өзүбүзгө өзүбүз ашынган душман болобуз. Чындыгында бакыт көз караштарыбызга байланыштуу. Эгерде сиз аны бир маселе катары көрсөңүз, анда сезимиңиз жана ой-жүгүртүүңүз терс нерселерге толуп калат. Бул абалдан кандай сабак алууну ойлосоңуз — маселе өзүнөн-өзү жоголот.

 

3. Эгерде кээ бир нерселерди өзгөртүүнү кааласак өзүңдөн баштаңыз

 

Сиздин сырткы келбетиңиз ички дүйнөңүздү чагылдырып турат. Сиз кимдин өмүрү боштук жана стресске толуп тургандыгын билесиз. Мунун баардыгы кокустан эле болуп жатат. Биз эмнегедир абалды алмаштырсак баардыгы өзгөрөт деп ойлогонду жакшы көрөбүз. Чындыгында баардыгы тескеринче болгондо гана ишке ашат: абалды алмыштыруу үчүн биринчи өзүбүздү өзгөртүүбүз керек.

 

4. «Жол болбойт»деген түшүнүк жок – үйрөнүүгө гана мүмкүнчүлүктөр бар.

 

Сиз өзүңүздүн лексиконуңуздан «жол болбойт» деген сөздү алып салыңыз. Бардык улуу адамдар ийгиликсиздикке көптөгөн ирет жолугушкан. Улуу ойлоп табуучу Томас Эдисон «мен лампочкаларды ойлоп таап жатып, ийгиликсиздикке учурадым. Анын бузулушунун 99 жолун таптым»деп айтканы бар. Ошондуктан өзүңүздүн ишиңиздин ордунан чыкпай калганынан сабак алыңыз. Экинчи жолу андан да мыкты жасоого аракет кылыңыз.

 

5. Эгерде сиздин каалаганыңыз болбой калса анда жолдо мыктысы келатат

 

Кээде буга ишенүүгө мүмкүн эмес. Бирок, бул чындык. Адатта жашообузга бир кылчайып артка карап көрсөк анда жакшы нерселердин баары ишке ашпай калгандан кийин болгондугун түшүнөбүз. Балким, сиз албай калган жумушуңуз же жыйынтыгыңызды баарынын башкача болушу анчалык кайгыра турган нерсе эмес. Болгон нерселерди ошондой бойдон, жөнөкөй кабыл алыңыз.

 

6. Азыркы учурду баалаңыз

 

Бул учур кайра кайрылып келбейт. Жашоонун ар бир ирмеминде баалуулуктар бар. Алардын жанынан өтүп кетүүсүнө жол бербеңиз. Жакында мунун баардыгы эскерүүгө айланат. Балким,бир учурда азыркы бактысыз болгон учурларды дагы сагынасыз.

 

7. Каалоолорду таштаңыз

 

Көпчүлүк адамдар «байланган акыл» менен жашашат. Бул өзүнүн каалоолоруна өзгөчө маани берген адамдар. Эгерде алар ойлогон тилегине жетпей калса, терс сезимдерге чөгүп кетишет. Анын ордуна жеңил ой-жүгүртүүгө көнүңүз. Эгерде сиз бир нерсени кааласаңыз эч нерсеге карабай бактылуу болосуз. Бул учурда сиздин сезимиңиз орточо же оң жагында болушу ыктымал.

 

8. Коркууну билиңиз жана ага ыраазы болуңуз

 

Коркуу эң мыкты мугалим болушу мүмкүн. Ошондуктан коркунучтарды кичинеден жеңүү улам жеңишке жакындата баштайт. Мисалы, мен лицейде окуганда эл алдында чыгып сүйлөөрдөн коркот элем. Азыр болсо ар күнү эл алдында ар кандай топторго чыгып сүйлөөгө туура келет. Анын үстүндө сөзмөрлүк санаты боюнча сабак берем. Коркуу – бул болгону бир иллюзия.

 

9. Өзүңүзгө кубаныч тартуулаңыз

 

Ишенесизби же жокпу, мен көңүл ачпаган көптөгөн адамдарды билем. Алар жада калса кантип бактылуу болушту да билишпейт. Кээ бирлери өздөрүнүн маселерине жана ички боштуктарына ушунчалык байланып калышкан ансыз ким экендерин унутушкан. Ошондуктан бактылуу болууга бир аз убакыт бериңиз. Аз ирмем болсо дагы кыйынчылыктарга эмес кубанычтарга көңүл буруңуз.

 

10. Өзүңүздү башкалар менен салыштыра бербеңиз

 

Эгерде салыштырсаңыз өзүңүздөн төмөн болгондорго гана караңыз. Анын кылган жумушу да жок болушу мүмкүн.

 

Жок дегенде ишиңиз жок болгондугу үчүн көмөк пул алганыңызга кубаныңыз. Дүйнөдөгү адамдардын көпчүлүгү кедейликте жашашат. Баардыгы эле Анжелина Жолиге окшош эмес. Аларга окшоштор өтө аз. Ошондуктан сиз көпчүлүккө караганда жогору турасыз. Көңүлүңүздү ушул нерселерге буруңуз.

 

11. Сиз курмандык болбоңуз

 

Сиз өзүңүздүн гана ой жүгүртүү, иш аракеттериңиз курманы болосуз. Эч ким сизге карата атайын бир нерсе жасаган жери жок. Өз тажрыйбаңызды өзүңүз гана жасайсыз. Жоопкерчиликти өз мойнуңузга алсаңыз,бардык кыйынчылыктарды жеңе аласыз. Болгону ой-жүгүртүүнү жана аракеттерди алмаштыруу керек. Курманчылыкта болуудан баш тартып, жеңүүчү болуңуз.

 

12. Баардыгы өчөт, өзгөрөт

 

«Мунун баары өтүп кетет» — бул менин сүйүктүү сөздөрүмдүн бири.

 

Качан гана оор абалга кабылганда андан чыгуунун жолдору жок деп ойлойбуз. Эмнегедир эч нерсени өзгөртүүгө мүмкүн эместей көрүнөт. Бирок, билесизби? Өзгөрүүлөр сөзсүз болот! Өлүмдөн башканын баары түбөлүктүү эмес.Ошондуктан баардыгы бүттү дегендей адаттарды таштоо керек. Эгер таштай албасаңыз анда абалдан чыгуу үчүн кандайдыр бир аракеттерди баштоо керек. Бирок, ал жомоктогудай өзүнөн-өзү эле өзгөрүп кетпейт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE