Пример HTML-страницы

Балык журок ооруларынын алдын алат.

https://kyrgyzcha.site/?p=47155&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Балык журок ооруларынын алдын алат.

 

Балык жана андан жасалган азыктар баалуулугу боюнча эт азыктарынан кем калышпайт. Алсак, деңиз, океан балыктары майлуу келип, курамында Омега-3 кычкылы көп болсо, дарыя балыктарында да Омега-3 кычкылы бар, белокко бай жана сиңимдүү. Балыктын курамынан витаминдер топтомун, баалуу микроэлементтерди(бор, темир, калий, кальций, магний, фосфор) табууга болот. Мындан улам адистер жумасына эки жолу балык жеп турууну сунушташат.

 

БАЛЫКТЫН ПАЙДАСЫ

 

Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат

 

Көрүүнү жана мээнин иштешин жакшыртат

 

Депрессияга каршы күрөшүүдө миңдин бири

 

Рак оорусунун алдын алат

 

Астма оорусунун өрчүшүнө бөгөт коё алат

 

Сезгенүүдөн сактайт

 

ЭСКЕРТҮҮ!

Туздалган, маринаддалган, ышталган балыктарды жегенден абайлаңыз. Анткени чала бышырылган балыктагы мителер организмге кирип, мите курт ооруларын (дифиллоботриоз, описторхоз) пайда кылышы мүмкүн жана тамактан ууланууга (ботулизм)алып келет.

 

КОЖОЙКЕЛЕРДИН ЭСИНЕ! — Балыктар жашаган аймагына жараша тамактанышат. Океан, деңиз, чакан көлмөлөрдүн балыгында ачуу чөптүн даамы жана жыт болот. Шар аккан суунун балыктары таза. Эгер жыт болсо таза матаны лимон уксусуна нымдап, балыктын үстүнө 15-20 мүнөттөй жаап коюу же бышырардан 20-30 мүнөт мурун сүткө чылоо сунушталат. — Тоңдурулган балыкты бөлмө температурасында же муздак сууга салып эритип, андан соң тазалоо керек. Минерал заттарын сактоо үчүн сууга туз салып коюу туура. Эриген балыкты кайра сактоого болбойт. — Кабырчыктарын куйругунан башын көздөй тазалоо шарт. Андан соң курсагы тараптан куйругунан моюнуна чейин тилип, ичин тазалайсыз. Өтүн жарып алуудан абайлаңыз. Бакалоорлорун жана канаттарын алууну унутпаңыз. — Балыкты муздак сууга салып, жай отто кайнатыңыз. Күчтүү отко кайнап бышкан балык катуу болуп, шорпосу күңүрт тартып калат. — Балык котлетинин туурамжысына куурулган пияз кошсоңуз ширелүү жана даамдуу болот.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE