Балмуздакты күн сайын жесе болобу?

https://kyrgyzcha.site/?p=43004&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Балмуздакты күн сайын жесе болобу?

 

 

Жай мезгили менен бирге эңсеп күткөн балмуздакты жакшы көргөн адамдар аз эмес чыгаар. Аны жашы да карысы да жакшы көрүп жешет. Себеби ал – эң даамдуу арзан таттуулардын бири.

 

Ошону менен бирге сүт, каймак сыяктуу азыктардан жазалгандыктан курамында магний, кальций, ж.б. пайдалуу заттар бар. Бирок көптөгөн ата-энелер балдарына жумасына 2-3 балмуздактан ашык жегенге уруксат беришпейт. Ал тамак жана дем алуу органдарына, ангинага зыян тийгизет дешет. Керек болсо дарыгерлердин өздөрү балмуздактын пайдасы менен зыяны тууралуу суроого ар түрдүү жооп беришет.

Пример HTML-страницы

 

Биринчиден, балмуздактын курамы бири-биринен айырмаланат. Бир балмуздакты даярдоодо таза каймак кошулса, башка бирисине кургак сүт колдонулат. Мөмө же жемишти балмуздактарга табигый сироп кошсо, кээ бирөөнө лимон кычкылы бар жыт бергичтер аралаштырылат. Керек болсо жөнөкөй стакандагы балмуздактардын өзү бири-биринен айырмаланат.

 

Эң даамдуу пломбир балмуздагынын калориясы да көп, себеби майлуулугу 12-13 пайыздан 15-20 пайызга чейинкилеринин курамына көп жумуртка кошулат. Арыктагысы келген же дени сак жашоону самагандар бул балмуздакка жолобой эле койгону оң.

 

Диета кармагандар майлуулугу 6-10 пайыз болгон классикалык каймак кошулган балмуздак тандаганы оң. Балмуздакка катыштуу эң туурам чечим – организмге зыян келтирбеш үчүн күн сайын жебеш керек. Курамындагы сүттө бар пайдалуу минералдарды организмге сиңирүү үчүн жумасына 2-3 жолу жегендин өзү жетиштүү

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️