Пример HTML-страницы

Аял-бул ким?

https://kyrgyzcha.site/?p=49341&preview=true Пайдалуу кеңештер.

😂Аял-бул ким?😁

Аял — жаш баладай, бирдемке болуп боло

электе жашы чууруйт, каяктан даяр турат

дайыма, анан эле апасына телефондон

«сүйүнчүлөйт» ..

Аял — борбордо жашагысы келет, Парижди

энсейт, романтика менен эс алып ресторанга олтургусу келет, анан күн алыс эле гүл берип

турса…😋

Аял — театрдай, бугун комедия, эртен

трагедия, кээде экөө бир кундө болот…

Аял — экстрасенс, акча каткан жерлеринди мин

которсон да көзүн жумуп таап алат, кээде сен

кайда, эмне кылып жүргөнүндү тим эле

жандап чырак кармап жургөндөй так, сонун

айтып берет..

Аял — сен жакшы акча алган куну сени жанындай көргөн мышыктан да өтүп

эркелейт…

Аял — жаздын күнүндөй, кээде жамгыр,

чагылгандай, бир карасан кара булуттардын

артынан чыккан күндөй жаркырайт..

Аял — гүлдөй, кээде бир ачылып гүлдөсө

тааныбай да каласын..

Аял — арстандай, эгер бирөөгө жаккысы келсе эч ким токтото албайт..

Аял — жолборстой, балдарына чымын

чактырбайт, коргосо бир карыш жакын

жолотпойт…

Аял — бульдозер, керек болсо максатына

жетиш үчүн тебелеп тепсеп, түрткүлөп болсо

да жетет..

Аял — ар дайыма кечигип атып, ошого

эркектерден кечиреек о дүйнөгө кетишет…

Аял — аябай кечиримдуу келет, бирок бир куну

болгон кылыктарындын бардыгын эстетип, бир жеринен чыгарат….

Аял — уруша кетсе дароо мурчуйган бойдон

такыр сүйлөшпөй коет, «биринчи мага

сүйлөсүн же кучактаса анан шашпай

жазылам» деп ойлойт, бирок, эркек биринчи

моюн сунуп кучактап койойун десе, «тарт колунду, кимге айтып атам» деп кайра тескери

карайт…

Аял — канча ичсе да эмне болгонун даана

эстейт, эркек дароо эле унутат..

Аял — таарынса тез эле унутат, эмнеге

таарынганын, анан эркекти тим эле коколойт, «айт деп атам, кечээ эмнеге таарындым эле»

деп…

Аял — мобильдик телефондой, аны дайыма

жаны заряд менен эмизип туруш керек,

жасаган чачынан баштап тамагына чейин

комплимент айтып мактап туруш керек…

Аял — пружинасы бар эшиктей, сен аны

тартсан, ал качат, сен аны түртсөң, ал сага

кайра жармашат…

Аял — кечире берет, кечире берет, чыдай берет,

бир куну бир жарылат да, күтүлбөгөн жерден

кетип кайрылып түбөлүккө келбейт…

Аял — жини келип турса, тамаша, азил айтып

көнүлүн көтөр, бир жолу айтсан жазылбайт,

сабыр кылып дагы айт.. Аял — унчукпай калса сурап кой, «жаным эмне

болду» деп..

Аял — таттуу шоколаддай, эркектин мандайына

жазган ширин жомоктой..

Аял — Интернеттей, бир аз эркелетип койом деп тан атат…

Аял — кофта алам деп магазинге барса, сумка

жагып жанында бир саат турат, аягында үйгө

жаны туфли алып эле келет…

Аял — мин кыйын, эрктуу көрүнгөнү менен,

эркекке мойун сунганга эмес, назик, алсыз болуп көрүнгөнгө өзүнөн кыйын, күчтүү

эркекти тандайт..

Аял — кыйын экспериментатор, үч саат жылбай

чачын, кебете кешпирин бир стилде жасап,

эгер бүткөндө жакпай калат да, анан бузуп

бардыгын он беш мүнөттө такыр башка стилде чачын, бетин, кийимин жасап салат…

Аял — жаш өткөн сайын кобрадай, тили орду

менен оттойт, жыпжылма сыпаа көрүнүп, акылман, тийишпесен жөн-жай чакпайт..

Аял — кудайым берген момун, сыпаайы, бардыгына макул, кайыл болот, үйлөнүү той

отуп фатаны чечкенге чейин…

Аял — сенин мээңди жебей калса эле бүттү, ал сени чана баштаганы… .

Аял — прокуратурадай, кармайт, козгойт,

эркиңен ажыратат…

Аял — wi-fi дай, бардыгын байкап көрүп турат,

бирок эң күчтүүсүнө байланат…. Аял — Чебурашкадай — ысык, жумшак, кулагы

менен сүйөт, бирок каяктагы бир крокодил

менен өмүрү өтөт…

Аял — балмуздактай, өлө таттуу, ар түрдүү,

назик кармасаң эрийт..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE