Пример HTML-страницы

Атасынын көзүнчө эмне кылбаш керек

https://kyrgyzcha.site/?p=48836&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Уулга карата 8 «болбойт». Атасынын көзүнчө эмне кылбаш керек

 

Атасынын көзүнчө баласын эркелетпейт. Кыргызда эч качан ата балдарын эзилип эркелеткен эмес. Жакшы көрсө да жөн гана баласынын башынан сылап койчу. Анткени илгертеден ата-энесинин көзүнчө балдарын эркелетүү өөн көрүнүш болгон. Ал тургай басымдуу бөлүгү атасынын көзүнчө балдарын «ата» деп да айттырган эмес.

 

Баласын уруп, катуу тилдебейт.

Чоң атасынын көзүнчө баласын сабап, урганга өз атасынын укугу да жок болгон. Ошондой эле мындай көрүнүш уулдун чоң атасына катуу тийип калышы да мүмкүн деп сыпатталат.

 

Атасынын көзүнчө аялы менен эркелешпейт.

Уул-келин ата-эненин көзүнчө эзилишпейт. Аялы да жолдошун кайната, кайненесинин көзүнчө атынан айтып чакырбайт.

 

Атасы барда сакал койбойт.

Атасы тирүү кезинде баласы эч качан сакал койгон эмес. Негизи илгери сакал, мурутту да орду мене жашына жараша өстүрүшкөн. Алсак, балдар бой жетип, үйлөнгөндө мурут койсо, сакалды эр ортонунан өтүп калгандар гана өстүргөн.

 

Атасынан өйдө отурбайт.

Кыргыздар тамактанып жатканда да ар бири өз ордун таап отурган. Жашына, жынысына жараша ар ким өз ордун билген. Мисалы, кыздар турмушка чыккандан кийин конок катары төр тарапка отурса, балдар «качпас Карагул» делип улагадан орун алган. Ата-энеси тирүү кезде балдары алардын ордун талашкан эмес.

 

Атасы отурган жерде улуу устукан албайт.

Атасы менен бирге конокко барып же үйдөн тамактанып жаткан учурда да бала атасынан мурда улуу устуканды албайт.

 

Чылым чегип, арак ичпейт.

Заманга жараша колдонгон буюмдан жеген тамак-ашка чейин өзгөрөт. Бүгүнкү күндө баласы эч качан атасынын көзүнчө чылым чегип, арак-шарап ичпеш керек. Ал тургай мас болуп атасына көрүнгөн да уят болуп саналат.

 

Жаман сөз айтып, сөгүнбөйт.

Атанын тарбиясын көргөн бала ата-энесинин көзүнчө жаман сөз айтмак турсун, аялы-баласына да жагымсыз сөз айткандан алыс болот. Андыктан атаны көзү барда сыйлап, балага аталык тарбияны туура берүүнү ар бир мырза эсинен чыгарбоосу кажет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE