Пример HTML-страницы

Артыкбай Айдаров Кадамжайдын Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Артыкбай Айдаров дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баяке уулу Болоткан кол койду.

Маалыматка караганда, бүгүн, 5-июлда жаңы дайындалган айыл өкмөт башчысы аппарат кызматкерлерине тааныштырылды.

Айдаров Артыкбай Нишанбаевич 1969-жылы 5-январда туулган. Ал Баткен районунун Кыштут айыл аймагына караштуу Таян айылынын тургуну.

Буга чейин Артыкбай Айдаров Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин төрагасы, Кыштут айыл өкмөтүндө башкы эсепчи кызматын аркалаган. 2023-жылдын сентябрь айынан бери Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE