Пример HTML-страницы

Ар дайым жакшы ойдо бололу

https://kyrgyzcha.site/?p=54435&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Ар дайым жакшы ойдо бололу

 

Карыган адам 25 жаштагы уулу менен үйүнө баруу үчүн поездге түшүштү.Уулу вагондун терезесине барып олтурду. Поезд жүрө баштаганда, уулу колдорун терезеден абага чыгарып, бир кезде суктануу менен кыйкырып жиберди.

 

— Ата, карачы, биз алдыга баратсак, дарактар артты көздөй баратат!

 

Атасы уулун карап жылмайды. Алардын жанында бараткан жубайлар 25 жаштагы жигиттин жаш балача кыялын көрүп уялышты.

 

Уулу кайрадан сүйүнүү менен кыйкырып жатты.

 

— Ата, карачы, көлдөр, жаныбарлар, булуттар, баары биз менен бирге баратат.

 

Тиги жубайлар жаш жигиттин таң калыштуу жоруктарын, атасынын уулуна кадимкидей эле жасаган мамилесин байкап баратышты. Бир убакта жамгыр себелеп кирди. Жаандын тамчылары колдоруна себелегенин көргөн уулу көздөрүн жумуп, толкундануу менен кайрадан атасына кыйкырды.

 

— Ата, көрдүңбү? Жамгыр жаап жатат. Менин колдорума жаандын тамчылары себелеп жатат.

 

Абышканын жанында олтурган жубайлар кандайдыр бир жардам бергиси келип, жаш жигиттин атасынан сурашты.

 

— Уулуңузду эмне үчүн ооруканага көрсөткөнү алып барбайсыз?

 

— Биз ооруканадан келе жатабыз. Ооруканадан эми гана чыктык. Бүгүн менин уулум биринчи жолу бул дүйнөнү көзү менен көрдү…

 

Кудай бар болсо…

 

Бир киши чачын кырктырып, сакал-мурутун алдырганы чачтарачканага барат. Чачын кырктырганча чачтарач менен ар нерсени сүйлөшүп, Кудай жөнүндө да сөз козгошот. Анда чачтарач: «Мага Кудай жөнүндө айтпаңыз, мен Кудайдын бар экенине ишенбейм» деп анча жактыра бербейт.

 

-Эмне үчүн?

 

-Ансыз деле түшүнүктүү!

 

Кудайдын жок экендигин билүү үчүн көчөгө чыгуу жетиштүү. Карасаңыз. Эгер Кудай бар болсо, анда эмнеге оорулуу адамдар абдан көп? Эмне үчүн кароосуз калган балдар абдан көп? Эгер чын эле Кудай бар болсо, кыйналган, ооруган адамдар болмок эмес! Мындайлардын баарына жол берилип жатса, кантип анан Кудайды сүйөм?”- деп өзүнө ишенимдүү түрдө айтат. Тиги киши талаш менен эч нерсе чечилбейт экенине ынанып, унчукпай калат. Чачтарач ишин бүтүп, чачтарачканадан чыгып бара жатып, көчөдөн чачы кыркылбаган, сакал-муруту алынбаган, жүдөө адамды көрүп, кайра кирет да “Билесиңерби, чачтарачтар бул дүйнөдө жок окшойт» – дейт.

 

-Кандайча? — чачтарач таң кала карайт. -Менчи? Мен чачтарачмын да!

 

-Жок! Чачтарачтар жок.. Эгер алар бар болсо, көчөдөгү тиги кишиге окшогон чачы өскөн, сакал-муруту алынбаган адамдар болмок эмес!»- деп үнүн жогорулатты тиги киши.

 

— Ой, маселе чачтарачтарда эмес! Адамдар өздөрү чачтарачка келбейт,

 

ошону үчүн алардын сакал-муруту, чачтары өсүп кеткен.

 

— А маселе ошондобу?! Сиз өзүнүздүн сурооңузга өзүнүз жооп бердиңиз. Кудай бар, болгону адамдар Аны издешпейт жана Ага жакындашпайт. Ошон үчүн дүйнөдө ушунча кыйынчылыктар … ушунча оорулар…

 

Жашоонун 5 сыры

 

Чоң энесинин кат жазып жатканын көргөн небереси: «Чоң эне, мен жөнүндө жазып жатасызбы?” деп тынчын алды. Чоң эне небересине жылмайып, “Ооба, тентегим. Сен жөнүндө жазып жатам. Бирок менин жазганым эмес, эмне менен жазып жатканым маанилүү. Качан сен чоңойуп, эр жеткенде ушул калемдей болушуңду каалаймын” деп, башын сылады.

 

Небереси калемди ары-бери тегеретип карап, өзчөлөнгөн эч нерсени байкабайт

 

-Башка калемдерге окшош эле экен го!

 

-Буюмду кандай карап жатканыңа байланыштуу. Сенин татыктуу жашап өтүүңө шарт түзүп бере турган беш сапатка бул калем ээ.

 

Биринчиден: Сен акылдуу болушуң мүмкүн, бирок эч качан Багыттоочу Колдордун бар экенин унутпашың керек. Биз ал колдорду Жогорку күч деп атайбыз. Ал күчкө ишен жана аны сезе бил!

 

Экинчиден: Жазыш үчүн калемди учтоого туура келет. Калем үчүн бул бир топ ооруну жаратат, бирок учталгандан кийин калем ичке жана сулуу жаза баштайт. Ошондуктан, ооруга чыдай бил жана ал сага жагымдуулук тартуулаарын эстен чыгарба!

 

Үчүнчүдөн: калем менен туура эмес жазып алгандарды өчүргүч менен тазалап, оңдоого болот. Өзүңдү оңдоо-дайым эле жаман боло бербейт. Көпчүлүк убакта бул туура жолдо жүрүүнүн жалгыз ыкмасы болуп калат.

 

Төртүнчүдөн: Калем дегенде анын жыгачтан жасалганын же формасын эмес, ичиндеги графитти түшүнүү керек. Ошондуктан, ар дайым сенин ички дүйнөңдө эмнелер болуп жаткандыгын ойло!

 

Бешинчиден: Калем менен жазгандан кийин ар дайым из калат. Ошол сыңары сен да өзүңдүн жасаган иш-аракеттериң менен артыңа из калтырасың! Ошондуктан, ар бир кадамыңды ойлонуп жаса!

 

Жакшы сапатты көрөлү

 

Бир күнү мугалим өзүнүн окуучуларын чакырып, ортосунда кара чекити гана бар таза баракты көрсөттү да, “бул барактан силер эмнени көрүп турасыңар” — деп сурады. Чекит… Кара чекит… Кара чекит… деп жооп беришти. Ошондо алардын сүйүктүү мугалими бурчка отуруп алып ыйлап баштады.

 

-Айтыңызчы, эмнеге сиз мынчалык катуу ыйлап жатасыз? — деп аябай таң калды окуучулары.

 

— Менин окуучуларым бир гана кара чекитти көрүп, ак баракты көрбөгөнүнө ыйлап жатам — деди мугалим.

 

Биз дайыма адамдын жетишкендиктерин эмес, кемчиликтерин гана көрөбүз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE