Пример HTML-страницы

Алтын күмүш жасалгаларын тазалоо

https://kyrgyzcha.site/?p=47602&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Алтын күмүш жасалгаларын тазалоо

 

 

Алтын, күмүш жасалгалар адам сыяктуу эле камкордукка зар болушат. Жасалгага крем, атыр тийсе эле өңү бузула түшөт. Андыктан аларды косметикалык каражаттарга аралаштырбай, атайын кутучага сактаган туура.

 

Алтын, күмүш жасалгаларды үй шартында бири-бирине аралаштырбай бөлүп, төмөнкүдөй ыкмалар менен тазалоого болот.

 

 

1 стакан жылуу сууга 1 аш кашык айна жана 1 чай кашык нашатырь спиртин кошуп, аралашмага зер буюмдарыңызды 2 саатка чылап коюңуз. Андан кийин суудан алып чыгып, чүпүрөк менен кургата сүртүп керек. Айнаны суюк самын же идиш жуучу каражат менен алмаштырсаңыз болот.

 

1 стакан жылуу сууга 3 чай кашык кумшекер салып аралаштырып, ага алтын жасалгаларыңызды 7-8 саатка салсаңыз, баштапкы абалындай жалтырап чыга келет.

Кирдеген алтын буюмдарга помададан бир аз сүртүп, жумшак чүпүрөк менен аарчып койсо жалтырап калат.

 

 

Тазалоонун дагы бир жолу, мискейдин ичине чүпүрөк төшөп, алтын же күмүш жасалгаларыңызды салыңыз. Анан жарым чай кашык ашкана содасын салып, жасалгалардын үстүн жапкыдай кылып самын суу куюп, жай отто 20 мүнөт кайнатыңыз. Жыйынтыгында өзгөчө жаркырап чыгат.

 

Алтын жасалгаларды шырдакка, кийизге сүрүп, щётка менен тазалап келишет. Булар эски ыкмалар. Мындайда жасалгалар жешилип же чийилип калат.

 

Жумуртканын агы менен сыранын аралашмасына алтын жасалгаларды чылап, анан сүртүп койсо да зер буюмдар жалтырап калат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE