Пример HTML-страницы

АЙЫМДАРДЫН УКТОО ПОЗАСЫ АЛАР ТУУРАЛУУ ЭМНЕ АЙТАТ?

https://kyrgyzcha.site/?p=54729&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АЙЫМДАРДЫН УКТОО ПОЗАСЫ АЛАР ТУУРАЛУУ ЭМНЕ АЙТАТ?

 

 

Дененин түзүлүшү (ымдоо, жаңсоо жана поза) адам жөнүндө 80% маалыматты камтыйт жана аң-сезим импульсу менен шартталган. Буга уйку учурундагы позалар дагы кирет. Алар аркылуу адамдын ким экенин, жашоо образынан, стилин, өзүн алып жүрүүсүн билүүгө болот.

 

Келиңиз анда тигил же бул поза сиз жөнүндө эмне айтарын билип көрөлү.

 

 

 

 

1. Көмкөрөсүнөн жатуу

 

Эгер сиз көмкөрөңүздөн жатып уктасаңыз, ал эми колдоруңуз кулач жайылып же тескерисинче жаздыктын астына коюп жатсаңыз, демек сиз боорукер жана жайдары адамсыз. Сиз адамдарды өзүңүзгө тартууну билесиз жана көбүнчө көңүл чордонунда болосуз. Сиз айлана-чөйрөгө ишенесиз, ал өз кезегинде сизге кам көрөт. Бирок, сиздин кемчилигиңиз бар. Сиз өтө эле сезимтал жансыз.

 

2. Оюнчук менен кучакташып уктоо

 

Сиз уктаар алдында кимдир бирөөнү кучактоого муктажсызбы? Демек, бул сиздин ишенчээк экениңизди билдирет. Сиз айланадагыларга чын пейилден мамиле жасайсыз. Кээде өтө эле берилип кетишиңиз мүмкүн. Ашкере ишенчээктик кай бир учурда сизге көңүл калтырууну алып келет. Мындан сырткары ушундай адатта уктоо, сизге ишенсе боло турганын айтат. Сыр сактаганды жакшы билесиз жана эч кимге сырыңызды ачпайсыз.

 

 

3. Чалкалап жатуу

 

Мындай поза сиздин жоош, бир чектен чыкпаган, түнт экениңизди мүнөздөйт. Адамдар менен тил табышуу сиз үчүн оңой эмес. Бирок, эгер алар сиздин ишеничиңизди актаса, сиз көп жылдар бою достошуп каласыз. Ошондой эле, мындай поза өзүн-өзү жогору баалоонун белгиси болуп саналат. Бул дал сизге окшогон инсандар үчүн керек.

 

4. Капталдап түз жатуу

 

Мындай поза момун, бир калыпта жүргөн адамдарга мүнөздүү. Сиздин ачууңуз оңой менен келе бербейт. Жада калса оор абалда дагы акыл калчап иш кылууга жөндөмдүүсүз жана эч качан дүрбөлөңгө түшпөйсүз. Сиз менен дос, кесиптеш катары маектешүү абдан кызыктуу. Анан калса, сиз абдан ишенчээк адамсыз, мунун айынан эл менен сүйлөшүүдө кайра-кайра ката кетире бересиз.

 

 

5. Түйүлдүк түрүндөгү поза

 

Бул поза сыртынан чечкиндүү, бирок ичинен сезимтал адамга мүнөздүү. Бир аз ийилген тизе чынчылдыкты далилдейт. Айлана-чөйрөңүздөгүлөр сизди бир калыпта жүргөн адам катары жакшы билишет. Эгер тизелер көбүрөөк өйдө карай бүгүлсө, анда акыл кампаңыз мол экендиги жөнүндө айтып турат. Капталынан жатып уктаганды жакшы көргөндөр өзүнүн жашоосунун негизин бир нукка салып, ошол нук боюнча жашап кеткенге аракет кылышат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE