Пример HTML-страницы

АЙЫМДАРДЫН ДОСТУГУ ТУБОЛУКТУУБУ?

https://kyrgyzcha.site/?p=51535&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АЙЫМДАРДЫН ДОСТУГУ ТУБОЛУКТУУБУ?

 

Айымдардын достугу мырзалардыкынан эмнеси менен айырмаланат?

 

Айымдардын достугу узакка созулбагандыгы менен айырмаланат. Анткени алар жалпы кызыкчылыктары бир болгон учурга чейин гана дос болушуп, бул кызыкчылыктар жоголгон учурда достук да өз чегине жетет.

 

Айымдардын ортосунда сыр дээрлик болбойт. Жадагалса майда-барат маселелерин да бири-бирине айтып талкуулай беришет. А мырзалар мындай касиетке ээ эмес.

 

Айымдар курбусу жок болгонуна караганда үй-бүлөсү жок экенине көбүрөөк кыжалат болушат. А мырзалар аялы жоктугуна эмес, бир да досу жок болуп калса абдан санааркашат. Анткени алардын достугу айымдардыкына караганда бекем болот.

 

Көпчүлүк учурда мырзалар достугун кыймыл-аракеттери, кылган иштери менен көрсөтөт, а айымдар эмоциясы менен билдиришет.

 

Дос тандоодо мырзалар баарын таразага салып, баалап көрүшүп, анан чечим чыгарышат. Ал эми айымдар “ушул менин чыныгы досум” деп билип-билбей эле бат эле дос боло калышат.

 

Айымдар мырзаларга салыштырмалуу досторун бат алмаштырышат.

 

Курбулардын достугунун жоголушунун себептери

 

1. Ушак. Психологдордун айтымында, адамдар өзү тууралуу ушактан коркушат, бирок баша бирөө тууралуу талкуу жүргүзгөндү жакшы көрүшөт. Анын сыңары, айымдар да бирөө менен пикир келишпестиктерге барып калса, же башка бир себептерден улам ошол адамды жакын курбусу менен талкуулап отуруп бул абал ушакка айланат. Же курбусун башка адамдарга ушактап атып ортосундагы мамиле бара-бара сууй баштайт. Натыйжада алардын ортосундагы достук көпкө узабайт.

 

2. Турмушка чыгуу. Бала кезинен дос болуп жүргөн айымдар бала бакчада, мектепте, жогорку окуу жайында да бири-бири менен катышып, ынак мамиледе болуп жүрүп кийин турмуш кургандан кийин ар кандай үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу мурдагыдай бат-баттан жолугуша албай, көп учурда достугу да уланбай калат.

 

3. Көрө албастык. Курбулар “менин андан эмнем кем?”, “эмнеге анда баары бар, менде жок?”, “эмнеге аны балдар карайт, мени карабайт?” деген сыяктуу бири-бирине болгон кызгануулардан улам түбөлүккө дос боло алышпайт.

 

4. Акча маселеси. Эгер бирөөсү экинчисинин туулган күнүнө кымбат баалуу белек берсе, кийин ага каражаттын жетишсиздигинен өзүндөй кылып кайтара албаса, же кафе, дагы башка жерге эс алууга баруу үчүн бирөөсүнүн акчасы жок болуп калса чогуу боло алышпай бири-биринен алыстап кетет.

 

Достук – бул дары…

 

Медицина адистеринин изилдөөсүнө караганда, достук мамилелер физикалык саламаттыкка да таасир этет. Тагыраак айтканда, жүрөк-кан тамыр системасы, иммундук жана эндокриндик системаларга оң таасирин тийгизет. Анткени достук мамилелерде айымдар көбүрөөк стресске кабылышат. Ал эми стресс жогорудагы ден соолук аспектилери менен тыгыз байланышкан. Досу жок жалгыз айымдардын кан басымы курбусу көп айымдардыкына салыштырмалуу жогору болору да илимде далилденген. Ошондой эле окумуштуулардын айтымында, эмчек рагы менен ооруган айымдардын досторунун көп болуусу алардын өмүрүн кандайдыр бир убакытка чейин узартат.

 

Чыныгы курбуну кантип тандоого болот?

 

Сизден байыраак айым менен дос болбоңуз. Анткени бул кызганууну, ич күйдүлүктү жаратышы мүмкүн.

 

Сулуураак, акылдуураак айымдан качыңыз. Анын жанында өзүңүздү ыңгайсыз сезишиңиз ыктымал.

 

Сизден башка да курбу кыздары көп айым болбосун. Себеби алардан колу бошобой, сизге убактысын бөлө албай ортоңуздарда түшүнбөстүк пайда болот.

 

Досуңузга акылдуусунуп көп кеңеш бере бербеңиз. Болбосо ийгиликсиздикке кабылып калса, сиз күнөөлүү болуп каласыз. Жөн гана кыйын абалдан чыгуусу үчүн бир нече жолдорду сунуштаңыз, туура чечимди өзү кабыл алсын.

 

Жолдошуңуздун оюн да эске алыңыз. Эгер анда сиздин курбуңузга карата кандайдыр бир күмөн саноо болсо, анда андай достон баш тартып эле койгонуңуз оң.

 

Эгер курбуңуздун сиздин күйөөңүзгө тийишип, жакындаганын, же сиз тууралуу туура эмес сөз сүйлөгөнүн байкасаңыз, анда мындай курбу сиз үчүн эмес.

 

Сизди дайым эле сындай берген курбудан да алыс болгонуңуз жакшы. Анткени сиз ишенген адамдын мындай кадамга барганы туура эмес. Дайым эле сизди сындай бергени – кызгануунун же тоотпогондуктун белгиси.

 

Чыныгы дос деп чечим чыгарууга ашыкпаңыз. Көп жыл бою аны менен сүйлөшүп, жакын болуп жүрүп чыныгы дос экендиги же эместиги белгилүү болот.

 

Кантип идеалдуу курбу болууга болот?

 

Курбуңузга көңүл буруп убакыт бөлүп туруңуз.

 

Айымдар табиятынан көп сүйлөп, аз уккандыктан керектүү учурда унчукпай, курбуңузду уга билиңиз, өзгөчө экөөңүздөрдүн ортоңуздарда пикир келишпестик жаралганда.

 

Эгер курбуңуз ката кетирсе, ага алдын ала эскерткениңизди айта бербеңиз, тескерисинче, анын жанында болуп кыйын абалдан чыгуусуна көмөктөшүңүз.

 

Курбуңуз менен жамандык-жакшылыктарда чогуу болуңуз, аны жалгыз калтырбаңыз.

 

Өзүңүзгө эле ишене бербестен, курбуңуздан да жардам сурап туруңуз.

 

Курбуңузга комплимент айтып жүрүңүз. Жаңы иш баштап жатса ага колдоо көрсөтүп, ийгиликке жетишкенде куттуктап жагымдуу сөздөрдү айтуу да идеалдуу курбу болууга шарт түзөт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE