Пример HTML-страницы

60 ЖАШТАГЫ АЙЫМДАН 30 ЖАШТАГЫ АЙЫМГА КЕҢЕШ!

https://kyrgyzcha.site/?p=54359&preview=true Пайдалуу кеңештер.

60 ЖАШТАГЫ АЙЫМДАН 30 ЖАШТАГЫ АЙЫМГА КЕҢЕШ! ОКУП ЧЫГУУГА ТАТЫКТУУ!

 

Чындыгында жалпы аялзатына жакшы кеңеш. Эч качан унутпаш үчүн басып чыгарып дубалга илип алчу акылмандык. Маргарет Маннинг 60тан өткөн аялдар үчүн белгилүү интернет-журналын ойлоп тапкан. Анын баракчасында 60тан өткөн залкар айымдар да өз жашоосу жөнүндө жазышкан. Жакында эле алардан Маргарет баардык жаш айымдарга каалоо жазышын суранган.

 

Каалоо тилек-кеңештер өтө деле көп болгон эмес, бирок ар бири алтынга алмашкыс. Ар бирин аткаргың келет.

 

 

Жашоодо көптү көргөн акылдуу айымдардын кеңештерин сунуштайбыз.

 

Азыркы убакыт менен жашагыла!

 

Төрт дубалдан чыгып сейилдеп келгиле.

 

Хоббиңизди табыңыз. Кайталанган тартиптен сактайт.

 

Ар дайым чынчыл болгула. Оор экенин билем, бирок пайдасы көп.

 

Коомдогу жаш курак стереотиптерин унуткула.

 

 

Карып баратам деп кайгырбагыла, жадатма болбоого аракет кылгыла.

 

Корксок да коркпосок да карылык баарыбызга келет.

 

Жөн эле жашагыла!

 

Шыктандыруучу издегенди эч качан токтотпогула.

 

Жашоо жеңил эле, бирок жашап өтүү кээде оор эле болот. Окугула, билим алгыла, саякаттагыла.

 

 

Классикалык кийип сатып алгыла. Модадан кетпейт.

 

Бут кийим сатып алганды токтоткула, эркектер бут кийимиңерди эмес, саныңарды карайт.

 

Таштанды чогултпагыла. Кереги жоктун баарын жоготкула.

 

Жөнөкөй нерселерли баалагыла, жашооңорду оорлоштурбагыла.

 

Жакындарыңыз сизге кандай мамиле кылышын кааласаңыз, сиз да ошондой мамиле кылыңыз.

 

 

Пайда издебей чын дилиңизден сүйүңүз.

 

Чындап балалуу болгуңуз келгенде балалуу болуңуз. Туура убактысы жок.

 

Башка бирөөлөргө эле эмес, өзүңүзгө да бооруңуз оорусун.

 

Көп сүрөткө түшүңүз. Кээ бир адамдар жашооңуздан кетет, сүрөттөр өмүр боюу калат.

 

Кечиргенди үйрөнүңүз.

 

Таарыныч жана ачууңарды кое бергиле, оң эмоцияларды гана эсиңерде калтыргыла.

 

Ашыкча адамдарды өтө жакын дос кылып жолотпогула, бул маанилүү.

 

Үй-бүлөңөрдү баалагыла, алар ар дайым жаныңарда болот, эмне гана болбосун жардам берет.

 

Өзүңөргө же кимдир бирөөгө жиниңер келип жаткан боюнча уйкуга кетпегиле.

 

Колдон келишинче жакын адамдарыңарга сүйөөрүңөрдү айтып тургула.

 

30 жаштан кийин ачыласыңар.

 

Сулуулугуңарды баалагыла.

 

Колуңардан келбеген нерселерге башыңарды оорутпагыла.

 

Жаман мамилени үзгүлө, адамды өзгөртө албайсыңар.

 

Териңерге кам көргүлө. Көп жылмайгыла.

 

Интуицияга ишенгиле.

 

Өзүңөр жөнүндө жаман сүйлөбөгүлө, керек болсо ойлобогула.

 

Өзүңөрдү шылдың кылганды үйрөнгүлө, баарын эле жүрөккө жакын кабыл албагыла.

 

Мыкты болууга умтулбагыла.

 

Уникалдуу болгула.

 

Кээде балаңыз сизге окутуучу болгонго уруксаат бериңиз.

 

Коркунуч ээлеп алышына жол бербеңиз.

 

Акыл эс, физикалык, жан дүйнөңүз жактан өнүккөндү токтотпоңүз.

 

Карыгандын жакшы жактарын баалагыла: жыл өткөн сайын жоопкерчилик азайып, эркиндик көбөйөт.

 

Сиз жасап жаткан нерсе үчүн карыган экениңизди же жаш экениңизди эч кимге айтканга уруксаат бербеңиз.

 

Коркпогула. 70 жашта баардыгы Жаратылыш жашообуздун ар бир этабына бизди даярдайт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE