Пример HTML-страницы

5 кеңеш жаш ата энелерге.

https://kyrgyzcha.site/?p=54759&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Балалуу же бала күтүп жаткан ар бир ата- эне келечекте наристесинин адептүү, тарбиялуу болушун каалайт жана буга чоң күч жумшайт эмеспи. Ал эми төмөндөгү беш ыкма, сиздин бала тарбиялооңузга жардам берет.

 

Бала тарбиялоодо эң негизги 5 катачылыкты кетирбеңиз

 

1. Балаңызга ачууланбаңыз

 

Албетте, кээде чектен ашык баланын тентектиги үчүн ачууланып, урушкан сөздөрдү айтпай койбойбуз. Бул катачылык болуп эсептелет. Эмоцияга алдырбаңыз. Биринчиден, балаңыз өзүнүн жасаган туура эмес иштерине баа бере албайт, андыктан урушканыңызды түшүнбөйт. Сиздин ачууланганыңыз, кыйкырыгыңыз болгону көнүл бурдуртат. Экинчиден, өкүрүп- бакырып жатып, балаңыздын «душманына» айланасыз. А сизди өзүнө каршы кабыл ала баштайт. Тынымсыз уруштар болуп жатканда, бала өзүнүн жасаган иши үчүн эмес, ага карата сиздин кабыл алууңуз катары түшүнөт. Демек, урушуп тарбиялооңуз, келечектүү жана натыйжалуу эмес. Балага катуу үн чыгарбаш керек. Сабырдуу, жумшак, мээримдүү болуңуз.

 

2. Башкаларга салыштырбаңыз

 

Өзүнүн баласын башкалардыкы менен салыштыруу ата- энелердин өтө кеңири тараган көрүнүшү. Бул катачылык. Сиз башкаларга балаңызды салыштыра берсеңиз, анда, балаңызда көрө албастык сезими пайда болот. Эң эле натыйжалуу салыштыруу бул, баланын өзүнүн кечээкиси менен бүгүнкүсүн салыштырып, мактоо болуп эсептелет.

 

Бала тарбиялоодо 5 катачылыктан алыс болуу зарыл

 

3. Балага тыюу салган нерсени өзүңүз жасабаңыз

 

Бала үчүн идеалдуу үлгү ата- энеси болуп эсептелет. Андыктан алгач, өзүңүздү тарбиялап, туура эмес жорук- жосундарды көрсөтпөңүз.

 

Бала тарбиялоодо 5 катачылыктан алыс болуу зарыл

 

4. Балага сый көрсөтпөө

 

Айрыкча ислам дининде ата- эне менен балдардын өз-өзүнө тиешелүү укуктары болот. Албетте, бала ата- энесин угушу керек. Бирок, ата эне дагы анын пикирин сыйлап уга билүүсү маанилүү.

 

Бала тарбиялоодо 5 катачылыктан алыс болуу зарыл

 

5. Идеалдуулукту күтүү

 

Дүйнөдө эч ким идеалдуу эмес. Башкача айтканда беш кол тең эмес. Катачылыкты ар бир адам кетирет. Андыктан балаңыздан идеалдуулукту талап кылганыңыз туура эмес. Анын да адашууга, кемчилик кетирүүгө укугу бар. Баланы өзү кандай болсо ошондой кабыл алуу маанилүү.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE