40 ГРАДУС ЫСЫКТА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
40 градус ысыкты жеңүү үчүн дарыгерлердин 10 кеңеши:
Синоптиктердин айтымында, акыркы он жыл ичинде быйыл июлда аба-ырайынын кескин ысуусу күтүлүүдө. Андыктан 40 градус ысыкты кантип жеңүү керек? Бул тууралуу терапевт Наталья Тарская кеңеш берди.
1.Үйдө же мекеменин ичинде көбүрөөк убактыңызды өткөрүңүз
Аба ырайы абдан ысык болгон учурда колдон келишинче эшикке чыкпоого аракет кылуу керек. Айрыкча саат 12ден 16:00гө чейин. Анткенин күн нурларынын активдүүлүгүнүн эң жеткен чеги ушул убакытта байкалат. Кыскасы бул убакытта өзүңүз үчүн эс алуу уюштуруңуз. Айрыкча бул жашы өтүп калган адамдар же жүрөгү ооруган адамдар үчүн маанилүү. Эшикке чыгууга туура келип калса, кондиционери жок унаага отурбаңыз. Мындай ысыкта кабыл алуу сезими начарлап, реакциянын ылдамдыгы төмөндөйт.
2. Ачык түздөгү кийимдерди кийиңиз
Кийимиңиз канчалык ачык түстө болсо, ошончолук жакшы болот. Өзгөчө ак түскө көңүл буруңуз. Бул түз модалуу, жарашыктуу жана ден-соолукка дагы пайдалуу. Ошондой эле кийимиңиз чыттан жана жибектен болуусу керек. Ал эми синтетикалык кийим ысыкта денеңизге жабышып, ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн.
3. Күндөн сактоочу баш кийим кийүүнү унутпаңыз
Эшикке чыгарда жеңил жана ачык түстө кийинүү менен баш кийимди жана күндөн коргоочу көз айнекти унутпаңыз. Желдеткич дагы ашыкча болбос. Ал эми баш кийим сөзсүз түрдө болуусу керек. Баш кийимдин кепка, жоолук сыяктуу түрлөрүн дагы кийип алса болот. Ысыкка чыдамы жок адамдар жоолукту суулап алса болот. Кол чатыр дагы күндөн коргонуунун дагы бир куралы болуп саналат.
4. Суюктукту көп ичиңиз
Көчөгө жумуштап чыктыңызбы?,- демек жаныңызга суу алып алыңыз. Бул эң негизги эреже катары эсиңизде болуусу керек. Сууга бир нече тамчы лимон кошуп койсоңуз дагы болот. Fanta же Pepsi сыяктуу газдалган, таттуу суусундуктарды ичүүдөн алыс болуңуз. Алар адамды ого бетер чаңкатат. Колдон келсе туздуу эмес кадимки эле ич турган суу, же газы жок минералдык суу ичишиңиз керек. Спирт ичимдиктеринен алыс болуңуз. Ысыкта алкоголдук ичимдиктерди ичүү жүрөккө жана боорго күч келтирет. Сыра дагы булардын катарын толуктайт. Сууну колдон келишинче күнүнө 3 литрден ичкенге аракет кылыңыз.
5. Кондиционердин алдына отурбаңыз
Кондиционерди жылына бир нече жолу тазалап туруу керек. Чыпкасын бат-баттан тазалап жууп туруу зарыл. Ушул сыяктуу жөнөкөй эрежелерди сактабагандыктан адам ооруга чалдыгып калышы мүмкүн. Анткени бактериялар кондиционер аркылуу тарап, организмди сезгентип, ооруларды жаратышы мүмкүн. Жайдын күнү эң ыңгайлуу температура деп 22-23 градус эсептелет. Ошондой эле кондиционерден чыккан муздак жел адамды көздөй сокпошу керек. Бул дагы ар кандай ооруларды алып келүүсү ыктымал.
6. Нымдуулукту сактаңыз
Эшиктен ысып келгенден кийин дароо эле душка түшө калбаңыз, бир аз демиңизди басышыңыз керек. Душ муздак болбошу керек. Эгерде үйүңүздө кондиционер жок болсо, нымдуу жүз аарчы менен желдетип, эшик-терезелерди жаап, атүгүл терезе парданы жаап бир аз караңгылатып койсоңуз болот. Суунун бууланышы кандайдыр бир микроклиматты жаратат. Колдон келсе муздаткычка нымдуу жүз аарчыны же салфетканы салып койсоңуз болот. Бул адамдын көңүл айлануусун жок кылууга жардам берет. Муздаган жүз аарчыны чекеге, көк кежигеге, тизеге, колтукка койсо чоң жардам берет. Анткени бул жерлерде күрө тамырлар бар. Ушундай жол менен организмди сергитсе болот.
7. Орозого өтө жоопкерчилик менен караңыз
Күндүн ысык мезгилинде орозо кармаган адамдар абдан кыйналышы мүмкүн. Ошондуктан организмге зыян келтирип албаш үчүн адам орозо кармоонун алдында өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалай билиши керек. Маселен, орозо кармагандар ысыкта эч нерсе иче албайт. Тердегенде адам тери аркылуу көп суюктуктарды жоготот. Жоготкондон кийин алардын ордун сөзсүз толтуруу керек. Эгерде адам өзүн аябай жаман сезип, кыйнала турган болсо орозо тутпай эле койгону оң.
8. Майлуу тамактан алыс болуңуз
Эгерде орозо эмес болсоңуз, анда тамакты көп жеп алуудан сактанышыңыз керек. Айрыкча майлуу тамактан алыс болуңуз. Ысыкта майлуу тамак пайда алып келбейт. Көпчүлүк учурда жемиштерди жеп, анан майы жок уй этин же тоок этин колдонсоңуз болот. Окрошка, томат шорпосу сыяктуу муздатылган суюк тамактарды ичсеңиз болот. Балмуздакты өтө көп жебеңиз. Ал таттуу болгондуктан адамды чаңкатат. Балмуздакты үйдө, сергип отурган учурда жесеңиз болот. Азык-түлүктү дагы кылдаттык менен тандап алыңыз. Учурда жай болуп уулануулар күч алууда. Анан дагы айрым соода күркөлөрү электр энергиясын үнөмдөө максатында түн ичинде муздаткычтарын өчүрүп коет.
9. Дарбыздан оолагыраак болуңуз
Учурда дүкөндөрдө дарбыздар сатыла баштады. Бирок дарбыздын эң жакшы бышканы июлдун аягында чыгат. Азыркы дарбыздарды сатып алуу өтө коркунучтуу. Анткени андан уулансаңыз ичиңизди алып, эсиңизди жоготконго чейин барышыңыз мүмкүн. Эгерде ошондой белгилер байкалса анда өзүңүзгө-өзүңүз дарыгер болбой, адистерге кайрылыңыз.
10. Күн өтүп кеткендерге жардам берүүнү үйрөнүп алыңыз
Күндүн ысыгында суу ичпей жүрө берсеңиз күн өтүп кетиши ыктымал. Мындай учурда адамдын кан басымы төмөндөп, тамырынын согуусу солгундап, эсин жогот баштайт. Кусуп жибериши дагы мүмкүн. Эгерде күн өтүп кеткен учурда, адамдын бетин муздак суу менен жууп нашатырь спиртин жыттатып, башына муздак компресс коюу керек. Эгерде мурду токтоосуз канаса анда компрессти кеңил жерине коюу зарыл. Башын чалкалатпоо керек, анткени адамдан канча кан түшө тургандыгын аныктоо зарыл. Андыктан бет аарчы коюп башчы кадимкидей эле кармоо керек. Эгерде кан көпкө токтобосо дарыгер чакыруу керек.


















































