Пример HTML-страницы

3аара жолунун таш оорусу

https://kyrgyzcha.site/?p=46040&preview=true Пайдалуу кеңештер.

3аара жолунун таш оорусу

 

3аара жолунун таш оорусу — заара бөлүп чыгаруучу органдарда зааранын курамындагы заттардан жана туздардан, органикалык кошундулардан таш пайда болуучу өнөкөт дарт. Ал жаш баладан тартып, айрыкча 20-50 жаш куракта көп кездешет. Себептери бөйрөктүн сезгениши, зааранын химиялык курамынын өзгөрүшү, канда фосфор, кальций туздарынын көбөйүшү, толук эрибей кристалл түрүнө айланышы, зат алмашуунун бузулушу, зааранын бөлүнүп чыкпай бөйрөктө кармалышы, А, Д, Е витаминдеринин жетишсиздиги, ички секреция бездеринин оорулары, климаттык шарттын организмге тийгизген терс таасири жана башка Зааранын курамындагы туздар негизинен бөйрөк аркылуу толук эриген түрдө бөлүнүп чыгат. Таш көбүнчө бөйрөк каналында пайда болуп, бөйрөк көңдөйүнө (күлтүгүнө) түшүп кармалат, акырындык менен чоңоёт же бөйрөк түтүгү аркылуу табарсыкка кетет. Кээде таш табарсыкта пайда болот. Бөйрөктө таш болгондо, бел катуу ооруйт, кээде ал жер муздап сайгылашат. Бөйрөктүн катуу оорушу денени ысытып, чыйрыктырат, окшутуп, кустурушу да ыктымал. Зааранын түсү өзгөрүп, тез-тез заара кылат, оору бөйрөк туштан төмөн ич көңдөйү жакка, жука чурайга, жоон сандын ички бетине, сырткы жыныс мүчөсүнө чейин өтөт. Айрыкча жаш балада, кээде улгайган адамда ич ооруларынын белгисине окшоп кетет. Оору узакка созулса, ар кандай кабылдоого алып келиши мүмкүн: бөйрөк сезгенет, бөйрөктүн ич көңдөйү чоңоюп, кеңейе баштайт, бөйрөк ткандарына күч келип, ткандар ичкерет, бөйрөктүн көлөмү чоңоюп, суу капчасына айланат. Бөйрөк ишинин бузулушу бөйрөк гипертониясына алып келет. Өз учурунда дарыланбаса, сезгенген бөйрөк оорусу ириңдүү дартка айланып, бактериялык шокко, кала берсе уросепсиске өтөт. Табарсыктагы таш анын былжыр челин сезгентип, заара ушаткысын келтирет, заара ушатканда ооруйт. Күч келгенде же басканда табарсыктын былжыр чели жараланып канайт да, зааранын түсү өзгөрүлөт (гематурия), заара чыгаруучу түтүккө таш туруп калганда, заара чыкпай калат. Мындай учурда оорулуу кырынан жатып заара кылууга тийиш. Эки бөйрөктө же заара чыгуучу эки түтүктө тең таш болгондо, сийдик такыр чыкпайт (анурия). Зат алмашуунун уу заттары организмге чогулуп, уремияга алып келет. Дарылоодо таштын чоңдугу, формасы, орун алышы, бөйрөктүн иштеши эске алынат. Консервативдик жана хирургиялык жол менен дарылайт. Анда диетанын мааниси зор. Аны врач таштын түрүнө жараша сунуш кылат.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE