Көзүн «ачтыргандар» куткаруучуубу же каапырбы?.

https://kyrgyzcha.site/?p=65454&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Көзүн «ачтыргандар» куткаруучуубу же каапырбы?.

Көзү ачыктардын баары каапыр. Эмне үчүн? Себеби Алла Таала Куранда: «…Асман- жерде Алладан башка эч ким кайыпты биле албайт» (Намл сүрөсү, 65-аят) дейт. Ал эми алар: «Алла Таала менен биз гана кайыпты билебиз дешет.

Же болбосо «мен Алла жөнөткөн пайгамбармын» деп дөөрүшөт. Элди ширкке ишендиришет, өздөрүн Кудай Таалага теңешет. Ошол себептен булар ачыктан-ачык каапыр жана тозокто түбөлүк калуучулар. Худ сүрөсүнүн 31-аятында адамзат тарыхындагы даңазалуу жана Алла Тааланын ардактуу пайгамбарларынын бири Нух (алейхис салам) кайыптан эч нерсе билбей турганын какшап-какшап айткан. А бул жерде болсо кошунасынан башка эч ким тааныбаган кимдир бирөөлөр көзүн ачтырып алып:

«Мына кайыпты мен билемин. 24 саат бою каалашынча айтып беремин» деп жатат.Эми булардын каапыр болгондугуна хадистен далил келтирели. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):

«Ким төлгө салса, ким төлгө салдырса, ким келечектен алдын ала кабар берсе, ким «менин келечегимди айтып бер» деп келсе, ким сыйкырчылык кылса, ким «жолун байлап бер, ысытып-суутуп бер» деп келсе, ушулардын баары бизден эмес»деди. «Бизден эмес» дегени – бул мусулман эмес, каапыр дегени..Көзү ачыктардын «кызматын» колдонгондор кимдер?.Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде айтты:«Ким көзү ачыкка келип, ошонун сөзүнө ишенсе, жана аны бирөөгө айтып берсе, ал каапыр болду»..

Пайгамбарыбыз дагы хадисинде минтип айткан: «Кимде-ким көзү ачыкка жөнеле келсе, анын ошол күндөн баштап кырк күнгө чейин намазы (дуба- ибадаттары) кабыл болбойт. Ал эми ким көзү ачыкка жардам сурап келип, анын айтканына ишенип, башка бирөөгө ошону кайталап айтып берсе, ал каапыр болот»..Мындай адамдар тообо кылуулары керек. Эми ошол баргандардыр баары Жаратканга алакан жая кечирим тилеп тообо кылышы керек.

Пример HTML-страницы

Ушул Куран аяттарын жана Пайгамбарыбыздын хадистерин окугандан кийин Аллага чын ыкластан тообо кылып, экинчи мындай жаман иштерге барбаганга сөз берип кечирим тилешсе, иншаллах, чоң азаптан кутулушкан болушаар эле..Көзү ачыктардын жамандыгынан арылуу үчүн эмне кылуу керек?.

Эң биринчи реалдуу коргонуу бул – Жараткандын жалгыздыгын жар салган Ислам динин жетик түшүнүп, ошонун негизинде өмүр кечирүү болуп эсептелет. Себеби Ислам дини – бул адам баласынын эки дүйнөлүк бактысы үчүн Жараткан Алла Өзү белгилеп берген мыйзам. Алла Таала бизди бизден чексиз эсе артык тааныгандыктан бул мыйзам – биздин табиятыбызга эң ылайык келген теңдешсиз мыйзам.

Адам баласы дал ушул мыйзам менен өмүр кечиргенинде сынак жашоонун оош-кыйышында мүңкүрөп отуруп өзүн таштап койбой, сабырдуулук менен Жаратканга миң мертебе шүгүр келтирип, чыныгы бакыттын мөлтүр булагынан даам сызат. Ошондо гана адам баласынын жашоосу өз нугу менен туура жолдо өтөт.

Экинчиден ушундай ысытма- суутмалардан, байлатмалардан, көзү ачыктардан арылуу үчүн «зикир» кылуу (б.а., Жараткан Алланы чын жүрөктөн эстеп даңазалоо) кажет. Алла Таала Курандын көптөгөн аяттарында «Мени эстегиле!»деген. Маселен: «Мени эстегиле, Мен да силерди эскерем», «Жараткан Эгеңди эртең менен жана кечинде эсте!»деген аяттар. Бул аяттарды Алла Таала бекеринен айткан жок.

Булар Жараткандын буйругу. Адам баласы ушул буйрукка ылайык жашаса, шайтан- жиндердин ар кандай жаман иштеринен толук кандуу түрдө корголгон болот. Эгер өзүнө бир нерселерди окутуп койгондугуна, сыйкырлангандыгына ишеними чоң болгон адамдар мына ушул зикирди баштоолору керек.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️