Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 11 жаранга «Ардактуу атуул» наамы берилди.
Кара-Балта шаардык кеңешинин 1-декабрдагы сессиясында күн тартибине 4 маселе коюлган. Алардын арасында «Ардактуу атуул» наамын берүү маселеси да бар.
Наам алгандар:
— Асанбекова Гүлзагийна Асанбековна, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү;
— Катрыч Владимир Сергеевич, «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүш башчысы;
— Кожоева Чолпон Чыныбаевна, Жайыл баатыр атындагы лицейдин директорунун орун басары;
— Куликеева Зоя Дүйшекеевна, пенсионер;
— Степанова Елена Владимировна, Жайыл РИИБдин башчысынын орун басары;
— Сыдыков Ашымалы Жетыбаевич, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү;
— Сулейманова Нуршадиа Аджиевна, пенсионер;
— Сулайманова Гүлмира Темирбековна, ӨКМдин Кара-Балта шаары жана Жайыл району боюнча бөлүмүнүн бухгалтери;
— Чыныбаев Койчубек Асанович, пенсионер;
— Эркегулов Шаршенбек, аймактык оорукананын маалымат бөлүмүнүн башчысы;
— Эдигеева Күлжан, пенсионер.
Алардын талапкерлиги туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунда каралган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.