ДУА КЫЛДЫМ. 🤲🏻
Озумду таптай алган
Олгучо мактай алган
Омурун арнап туруп
Олумдон сактай алган
АТАМА дуа кылдым.🤲🏻
Балам деп тороп баккан
Бешикке болоп баккан
Бар жанын тартуу кылып
Батаага жолоп баккан
АПАМА дуа кылдым.🤲🏻
Суйуумду беттегин деп
Сагынсан эстегин деп
Санаа, мун чекпегин деп
Сатылып кетпегин деп
МЕКЕНГЕ дуа кылдым🤲🏻
Ийгилик терип сунган
Ишиме келип турган
Исламдын нуру болуп
Илимин берип турган
УСТАЗГА дуа кылдым.🤲🏻
Балдарды тороп берген
Куч берип жолоп келген
Тунумдун айы болгон
Кышымдын жайы болгон
ЖАРЫМА дуа кылдым.🤲🏻
Аллахым колдосун деп
Ар ишин ондосун деп
Бур ишин аткараарда
Периште жолдосун деп
БАЛАМА дуа кылдым.🤲🏻
Ар танда салам деген
Алкыштап барам деген
Алдыга бассан болду
Арканда калам деген
КОНШУГА дуа кылдым.🤲🏻
Кызматка жоноп турган
Кыйшайсан жолоп турган
Кыйналсан колдон алып
Карызын толоп турган
ТУУГАНГА дуа кылдым.🤲🏻
Турмушум коруп турган
Тапканын болуп турган
Таштабай кыйын кезде
Талапка конуп турган
ДОСТОРГО дуа кылдым.🤲🏻
Бар болсо алгын деген
Болбосо калгын деген
Болунбой колдон кармап
Бийиктеп баргын деген
БАЙКЕМЕ дуа кылдым.🤲🏻
Эркелеп таптап турган
Эл журтка мактап турган
Акылын айтып мага
Абиирин сактап турган
ЭЖЕМЕ дуа кылдым.🤲🏻
Улуу деп урмат кылган
Унчукпай кызмат кылган
Ишиме колун сунган
Ийгилик жолун сунган
ИНИМЕ дуа кылдым.🤲🏻
Оорусан ыйлап турган
Ойгонсон сыйлап турган
Барганда кабар алып
Берээрин жыйнап турган
КАРЫНДАШКА дуа кылдым.🤲🏻
Ар ырын жаттасын деп
Арамды катпасын деп
Ааламды жаратуучу
Аллахты мактасын деп
АКЫНГА дуа кылдым.🤲🏻
Эмгегин сактасын деп
Эл-жерин сатпасын деп
Эл-журтун мактасын деп
Элинен качпасын деп
БИЙЛИККЕ дуа кылдым.🤲🏻
Карызын толосун деп
Кыргызга жоносун деп
Келгенде колдон алып
Кыйындар жолосун деп
ЖАРДЫГА дуа кылдым.🤲🏻
Баштарын сыласын деп
Баарына чыдасын деп
Бир Аллах насип кылса
Бейишке чыгасын деп
ЖЕТИМГЕ дуа кылдым.🤲🏻
Аллахым колдосун деп
Акыйкат орносун деп
Ар нерсе жаралган сон
Аллахты ойлосун деп
ААЛАМГА дуа кылдым.🤲🏻
Куйутко толуп турган
Куноолуу болуп турган
Куноомду кечиргин деп
Карегим солуп турган
Озумо дуа кылдым.🤲🏻