Багымдат намазга уктап калбоого 13 кеңеш.

https://kyrgyzcha.site/?p=19909&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

?Багымдат намазында уктап калбоого 13 кеңеш.

 

✍?Багымдат намазы таң аткандан күндүн чыгышына чейинки убакыт аралыгында окулат. Бул мезгилде адамдар таттуу уйкуда жаткан болот. Күн узарган маалда өзгөчө багымдат намазына ойгонуу айрым адамдарда кыйынчылыктарды жаратат. Бул да – сыноо.

Таттуу уйку, жылуу төшөктөн туруп, даарат алып, намаз окуу чоң соопторду таптырат. Пайгамбарыбыздын хадисинде “Багымдат намазынын 2 рекети бул дүйнө, андагы бардык нерселерден артыгыраак” деп баяндалат. Ушундан эле анын канчалык баалуу экенин тушүнсө болот. Андыктан, ар бир мусулман багымдат намазын окууга олуттуу мамиле жасап, аны калтырбоого аракет кылуусу абзел.

 

Өтө катуу чарчаганда таң эрте ойгоно албай калган убактар болот. Ал эми ойгонуп, жалкоолуктун айынан багымдатты өткөрүп жиберүү – күнөө.

Пример HTML-страницы

 

Дагы бир хадисте мындай баяндалат: «Силерден кайсы бирөөңөр уйкуга киргенде шайтан анын желкесине 3 түйүн байлайт. Эгер адам ойгонору менен Аллахты эстесе 1-түйүн чечилет. Ал эми ал даарат алганда 2- түйүн, а качан ал намаз окуганда 3-түйүн да толугу менен чечилет. Ошентип ал таң эрте ыраазы болуп ойгонот”.

 

Мусулмандардын жаңы күнү ысык кофе менен эмес, а багымдат намазы менен башталат. Аны уктап өткөрүп жибербөө үчүн адам колунан келген нерселердин баарын жасоосу керек. Төмөндө биз айрым кеңештердин топтомдорун сиздерге сунуштайбыз:

 

?1-Туура ниет.

Айрым адамдар багымдатка турбоону адат кылып алышкан. Муну алар оор жумуш графиги же ооруп калгандыгы менен түшүндүрүшөт. Бул – чоң жаңылыштык. Мындай себептер багымдатты калтырууну, ага шалаакы мамиле жасоону адатка айлантат. Биринчиден, ушундай ойдон алыс болуңуз. Чын жүрөктөн багымдатка ойгонууга ниет коюңуз. “Эгер багымдатка турсам жакшы болот” деп айтпаңыз. Туурасы: ИншаАллах, мен багымдатка турам”.

 

?2- Максат.

Жашоодогу чыныгы максатыңарды кайра-кайра эске салып туруңуз. Анткени, адам табияты боюнча унутчаак келет. Биздин максат – напсини тойгузуу, уйкуну кандыруу эмес, Алла Таалага дене, рух, аң-сезим, акыл- эс менен ибадат кылуу.

 

?3- Жашоону иретке келтирүү.

Жашоону ирээтке келтирүү эртеңки күнүңүздү туура пландоодон башталат. Иш күнүңүздү сааттарга бөлүп, анда иш менен эс алуунун ортосунда тең салмактуулук болушун эске алууңуз керек. Жумуштарыңызды болушунча эрте бүткөрүп, кечинде түнгө калбай уйкуга кирүүгө аракеттениңиз. Ар дайым бир убакта жатууга көнүңүз.

 

?4- Салыштырыңыз.

Элестетиңиз. Эртең сиз кыялыңыздагы жумушка орношуу үчүн маектешүүгө барасыз. Бул — сиз үчүн өтө маанилүү. Себеби андан сиздин кийинки тагдырыңыз көз каранды. Таң эрте боло турчу бул маектешүүгө сиз уктап калмак белеңиз? Жок. Албетте жок. Сиз күн ичиндеги жумуштарыңызды эрте бүткөрүп, пайдасыз иштер менен алектенмек эмессиз, туурабы? Болушунча эрте жатып, уктаар алдында өзүңүздү психологиялык жактан эртең саат 5те турам деп даярдамаксыз. Эми багымдат намазын мындан да маанилүү деп билиңиз. Ар бир намазда сиз Кудурети күчтүү Аллах менен сүйлөшүп, Ага шүгүрчүлүк келтирип, күнөөлөрүңүздүн кечирилишин сурап, ой-максаттарыңыздын орундалышына жалбарасыз. Бул дүйнөдө мындан өткөн маанилүү нерсе барбы? Жашоонун маңызынын өзү, биздин бул дүйнөгө жаратылышыбыздын максаты ушунда болуп жатпайбы. Сиз Аллах менен сүйлөшүүнүн ордуна пайдасыз уйкуну тандайсызбы?

 

?5- Дуба. Намазга уктап калбоо үчүн Аллахка жалбарып көп-көп дуба кылыңыз.Уктар алдында даарат алыңыз. Ибн Аббас Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мындай деп айтканын баяндайт: “Денеңерди тазалагыла, Аллах да силерди тазалайт. Чындыгында, эгер пенде таза абалда уйкуга кирсе, анын үстүнө жамынган төшөгүндө периште да түндү өткөзөт. Периште түн ичи бир да саат тынбай “О Аллах! Өз кулуңду кечир, анткени ал даарат менен уктады деп айтып турат”.

 

?6- Витр намазы жана уктар алдындагы дуба. Куптан намазынан соң витр намазын сөзсүз окуңуз жана уктар алдындагы дубаны айтыңыз. Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты: «Уктоо үчүн төшөккө жатсаң анда намазга даарат алганыңдай даарат алгын жана оң капталың менен жатып бул сөздөрдү айткын: Оо Кудайым! Напсимди Сага моюн сундурдум, ишимди Сага тапшырдым, азабыңдан коркуп, кечиримиңе үмүттөнөм, баш калкалоо Сага гана болот, кутулууну Сен гана бересиң, түшүргөн китебиңе жана жөнөткөн элчиңе ишендим”. (Бухарий 6311)

 

?7- Куран. Күндүн мыкты жыйынтыкталышы Куран аяттарынын окулушу менен болот. Уктар алдын «аль-Курси», «аль-Ихляс», «аль-Фалак» жана «ан-Нас», «Аль-Кафирун», «аль-Мүлк» сүрөлөрүн жана «аль-Бакара» сүрөсүнүн акыркы 2 аятын окуса болот.

 

?8- Ойготкуч сааттар. Эртең менен убагында ойгонуу үчүн ойготкуч сааттарды керебетиңизден алыс коюңуз. Эгер ага да болбой уктап калсаңыз, анда жакындарыңызды келип сизди ойготуп коюсун сураныңыз.

 

?9- Туура уйку. Уйкуңуздун сапаттуу болушун кааласаңыз уктар алдын чөнтөк телефон, компьютер, телевизорлорду өчүрүп, бул убакытты ой жүгүртүү, бир күндүн жыйынтыгын чыгаруу, Аллахты зикир кылуу менен өткөрүп, уйкуга кириңиз.

 

?10- 1,5 сааттык уйку эрежеси. Илимде уйкунун айлампасы (цикл) бир жарым саатка барабар деген теория бар. Сиздин оңой ойгонууңуз үчүн ал айлампа аягына чыгышы керек. Мисалы, эгер сиз 12 де уктаган болсоңуз, анда бир айлампа 1,30 да аяктайт, кийинкиси 3.00до, анан 4.30да. Мына ушундай ойгонуу сизге жеңилдик жаратат.

 

?11- Түшкү уйку. Эгер мүмкүнчүлүк болсо сүннөттү жандандырып, түштө уктап алганыңыз оң. Түштөн кийинки 20 мүнөттүк уйку сизге чоң энергия берет.

 

?12- Дагы 5 мүнөт дегенди унутуңуз. Таң эрте ойгонуп, “дагы 5 мүнөт уктай турайын” дегенди унутуңуз. Уйкуңуз ошол 5 мүнөттө эле канып калбайт. Бул – болгону шайтандын азгырыгы. Көзүңүз ачылары менен дароо туруп кеткен оң.

 

?13- Өтө маанилүү. Намаздарды өз убагында аткаруу бул өтө маанилүү. Пайгамбарыбыздын хадистеринин биринде, «Эгер адам 5 маал фарз намазды дайыма өз убагында окуса, анда Аллах ал кишинин иштерин ирээтке келтирет» деп айтылат.

 

Аллах баарыбызды намазга бекем кылсын!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️