Азирети Алинин мусулман болушу.

https://kyrgyzcha.site/?p=18035&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Азирети Алинин мусулман болушу

 

Хадича энебиздин дароо ыйман келтирип, мусулман болушу пайгамбарыбызды (САВ) өтө кубандырган. Ошентип, жер жүзүндө анын динине ишенген, кабыл алган бирөө бар эле. Пайгамбарыбыздын (САВ) Исламга чакырган экинчи адамы жакын туугандарынан азирети Али болду. Ал беш жашынан бери пайгамбарыбыздын (САВ) тарбиясында жүрүп чоңойгон эле. Бир күнү ал пайгамбарыбыздын (САВ) Хадича энебиз менен чогуу намаз окуп жатканын көрдү. (Алгач намаз эки рекет болуп, эки убакыт (күндүзү жана кечинде) окуу парз кылынган. Кийинчерээк буга тахажжуд намазы кошулду. Мираж түнүндө намаздын беш убак болуп парз кылынышынан кийин, түнкү намаз үммөт үчүн нафил, ал эми пайгамбарыбыз (САВ) үчүн парз боюнча калды). Таңдана карап турган жаш Али намаз бүткөн соң: — Бул эмне? — деп сурады. Пайгамбарыбыз (САВ): — Бул Аллахтын тандаган, сүйгөн дини. Мен сени бир Аллахка ыйман келтирүүгө чакырам. Адамдарга пайдасыз, зыянсыз болгон Лат менен Уззага (ошол кезде арабдар сыйынган айкелдердин аттары) сыйыныштан баш тартууга чакырам, — деди. Азирети Али мындай сунушка ойлонуп, анан мындай дейт: — Мен муну мурун эч уккан да, көргөн да эмесмин. Атам Абу Талибге айтмайынча эч нерсе дей албайм. Бирок пайгамбарыбыз (САВ) азырынча динин ачык жаюуга буйрук ала элек эле. Ошондуктан азирети Алиге төмөндөгүдөй эскертет: — Эй, Али! Кааласаң айткандарымды жаса. Эгер жасабайм десең, көргөн укканыңды эч кимге айтпа, жашыруун сакта! Азирети Али бул сырды сактоого сөз берет. Ошол түндү ойлонуу менен өткөрөт. Ошентип, таңдын агарышы менен анын көңүлү да агарды. Аллахтын элчисинин (САВ) алдына барып: — Аллах мени жаратарда, атам Абу Талибден сурабаган соң, мен да Аллахка сыйыныш үчүн андан акыл сурабайм, — деди да, мусулман болду. Мусулман болгон алгачкы бала Али болгону он гана жашта эле. Абайлоо, алдын алуу (тадбир) – бул дайыма жакшы нерсе. Өзгөчө бир ишенимдин жайылуу учурунда абдан пайдалуу. Ошентип, пайгамбарыбыз (САВ) азирети Алиге көргөн-уккандарын айтпа деп эскертүү менен бул дүйнөнүн тадбир мыйзамын, акырындап түшүндүрүү жана даанышмандык мыйзамдарын сактап, кылган акылмандык иштери кийин бизге да үлгү болгон. Чынында эле, абайлап иш кылуу, учурдун жана жашаган жердин шарттарын эске алып, динди жаюу – пайгамбарыбыздын (САВ) турмушунда маанилүү орунду ээлейт. Бул мезгилде ыйман жолун катары менен Хадича энебиз, азирети Али, андан соң пайгамбарыбыз (САВ) асырап алган Зайд бин Хариса (р.а.) өз ыктыярлары менен тандап алышат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️