Алланын элчисинин сахабаларынан

https://kyrgyzcha.site/?p=18278&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Ошол эле Абу Зарр (рози Аллоху анху) нун айтымында: Алланын Элчисинин сахабаларынан (пикирлеш, санаалаш замандаш жоро- жолдошторунан бир нечеси) Алланын Элчисине: «О, Алланын Элчиси, байлар бизден көп сооп табышат экен, анткени алар (деле) биздей эле намаз окуп, биздей эле орозо тутушат да өздөрүнүн ашык оокаттарынан садака кылышат»- дешти. Алланын Элчиси айтты:

«Сооп тапчу садакаларды Алла силерге деле бербедиби: Ар – бир Тасбих1 бул –садака (сооптуу иш), ар бир Такбир2 бул – садака, ар бир Тахмид3 бул – садака, ар бир Тахлил4 бул да садака, жакшылыкка буйрумак (башкаларды үгүттөп-чакырмак) бул –садака, күнөлүү иштерден (башкаларды) кайтармак бул да – садака, ар бириңди жыныстык жакындашууң (өз аялдарыңарга) бул да – садака»-деди. Алар:

«О Алланын элчиси, эгер бизден бирөө (аялына) жыныстык кумарын кандырса ал ошондон да сооп табабы?»- дешти. Ал (Алланын Элчиси) айтты:

«Айткылачы, эгер ал арамга (арам иштерге) барса күнөөлүү болобу? Албетте,, ошол сыяктуу эле өзүнүн никелүү адал аялына барса сооп табат». (Муслимден).1Тасбих- Субханаллах- (Кемчиликтерден таза, телегейи тегиз Алла деген мааниде).

2 Такбир-Аллаху Акбар (Алла улук, улуу).

3 Тахмид-Алхамду лиллах (Аллага мактоолор болсун).

Пример HTML-страницы

4 Тахлил- Лаа иллаха иллаллох (Алладан башка кудай жок).

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️