Жолдошуна кол салган карышкырды өлтүргөн Элнура Эсенжан кызы бала бакчаны жетектеди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айыл аймагынын 32 жаштагы тургуну Элнура Эсенжан кызы Үч-Кошкон айылындагы балдар бакчасын жетектеп жатат.

Район борборунан 280 чакырым алыстыкта жайгашкан Үч-Кошкон айылындагы бала бакча 3 сааттык программа менен ачылган. Учурда 18 бала кабыл алынып, 2 тарбиячы эмгектенип жатат.

Балыкчы шаарында чоңойгон Элнура Эсенжан кызы алыскы Сырт өрөөнүнө келин болгонуна 16 жыл болгонун, тоодогу таза абада жашоо жагарын, табигый тамак-аштар менен азыктанышарын айтат. Жолдошу Мирбек Келгенбаев 4 баланы тарбиялап өстүрүшүүдө.

Кышкы ызгардуу суукта мал багууну үйрөнүп, жолдошуна көмөктөшүп келген Элнура айым үй-бүлөсү менен айылдан Сырт өрөөнүнө бара жатып, үрөй учурган окуяга (2017-жылдын 7-ноябрында) туш болгонун мындайча эскерди.

«Жолдошум, улуу балам болуп айылдан азык-түлүк алып, Сырт өрөөнүндөгү үйүбүзгө жөнөдүк. Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругуна тийиштүү үй жакка жеткенде биз бара жаткан унаа бузулуп калды. Жолдошум мени аяп, “үйгө кирип тур, мен уулум менен оңдоюн” деди. Макул деп, үйгө кирип жылынып отургам. Бир маалда уулум Эрлан жүгүрүп кирип, “атамды карышкыр тиштеди” деди. Чуркап чыксам, жолдошум карышкыр менен алышып жатыптыр. Ал “жип” деди. Үйгө кирип жип алып чыктым, ага да болбоду. Анан бычак алып чыгып, жолдошума кол салып жаткан карышкырды сайдым. Чоң эле ач карышкыр экен. Жолдошум алгач ит экен деп ойлоптур, ошентип жардам бергем», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Элнура айымдын эгизи Элмира бар, экөө тойлордо кезигип турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️