Жигиттин артынан атасы жана жеңеси жан берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош жолундагы жол кырсыктын кесепетинен бир үй-бүлөдөн 3 адам каза тапты. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүүлөргө таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, мерт кеткендер Майлуу-Суу шаарынын тургундары болушкан.

2024-жылдын 22-август күнү О.А. аттуу жаран “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү унаасы менен атасын, апасын, жеңесин жана анын 3 баласы менен Кыпчак-Талаа айылына мейманчылыкка барып, кайтышканда кырсыкка учурашкан.

Милициядан алынган маалыматка караганда, “Дэу Матиз” унаасынын айдоочусу О.А. унаасын Ош багытын көздөй башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, Ош облусунун тургуну — Т.Б. аттуу жарандын “Тойота Эстима” унаасы менен сүзүшкөн.

Окуя болгон жерде “Дэу Матиз” унаанын айдоочусу мерт кеткен. Жүргүнчү катары келе жаткан 60 жаштагы атасы ооруканага жетпей үзүлгөн. Айдоочунун апасы жана 1996-жылы туулган А. кызы Ш. 2 баласы менен Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. “Тойота-Эстима” унаанын айдоочусу, 2 жүргүнчүсү менен Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Пример HTML-страницы

Бейтаптар түшкөн ооруканадан алынган маалыматка караганда, кырсыкка кабылган 27 жаштагы келинге жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан кечээ, 23-августта танга жуук көз жумган. Маркум келиндин үч баласы облустук балдар ооруканасына которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️