Жети-Өгүздө өрт өчүрүү бөлүмүнө жаңы унаа берилди

TurmushӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук өрт өчүрүү бөлүмүнө жаңы өрт өчүрүүчү автоунаа берилди.

Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, унааларды Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Н.Эсенгелди уулу өрт өчүрүүчү кызматкерлерге тапшырды. Жети-Өгүз райондук ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмүнүн башчысы Н.Касымалиев унаадагы өзгөчөлүктөр менен тааныштырып, калкка кызмат көрсөтүүгө өздүк курам даяр экенин белгиледи.

«КамАЗ АЦ-6,0-40» үлгүсүндөгү жаңы өрт өчүрүүчү техника Россия Федерациясынан алынып келген. Өлкөгө жалпы 58 техника алынып келип, 7 облус жана 2 шаарга муктаждыкка жараша бөлүнүп берилди. Акыркы ирет өрт өчүрүүчү техникалар 2008-жылы масштабдуу түрдө жаңыланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️