Пример HTML-страницы

Жетекчи тайпага аудио жөнөткөндөн кийин айыпка жыгылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБорбордук шайлоо комиссиясына Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын (РЭТ) башчысы Улан Мурзамудин уулунун үстүнөн арыз түштү.

Turmush басылмасына маалым болгондой, №5 Ноокат шайлоо округунан катышып жаткан талапкерлердин юристи тарабынан мөөнөтүнөн мурда жана кызматтык абалда туруп үгүт жүргүзгөн деген жүйө келтирилген.

2024-жылдын 10-июнунан тарта Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өтө турчу шайлоого карата үгүттөө иштери башталган.

Шайлоо 30-июнга белгиленген.

Арызда көрсөтүлгөндөй, 2024-жылдын 7-июнунда Ноокат РЭТтин жетекчиси WhatsApp мессенжери аркылуу №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Санжарбек Төлөнбаевди колдоону суранып, Ноокат районунун тургундарынын тобуна үгүттөөчү аудио билдирүү жөнөтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкѳн.

Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу БШК У.Мурзамудин уулун Укук бузууларлар кодексинин 60-беренесине (шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу) ылайык жоопкерчиликке тартуу чечимин кабыл алган. Ага 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, тактап айтканда 10 000 сом айып салынган.

Ал эми Ноокат РЭТтин жетекчиси Улан Мурзамудин уулу бул жагдай боюнча түшүндүрмө берди.

«1980-жылы туулган теңтуштардын өз тайпасы бар. Ошол жакка талапкерлигин [Санжарбек Төлөнбаев] койгону боюнча маалымат келип калды. Ага карата жакшы каалоо-тилек, сунуш-пикиримди айтып койгом», — дейт жетекчи.

«Кыргыз Республикасынын президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык:

«Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз».

Ноокат округунан 9 талапкер катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE