Жерүй кенин көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын мүчөлөрү кендин аймагына барышты

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен Жерүй кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын мүчөлөрү — Каныбек Иманалиев, Айчүрөк Токтогазиева, Тендик Исбасаров, Серик Юлдашев, Адыл Кочорбаев жана комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты.

Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи баскычтын курулуш аймагын кыдырып, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин жеринен көрүп чыгышты. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы уюмдун адистери менен компаниянын кызматкерлери калдык сактоочу жайдын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн геомембрана төшөө процессинин этаптары тууралуу кеңири маалымат берип, элдик комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Жалпысынан элдик комиссиянын мүчөлөрү алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулушунун жүрүшүнө оң баа беришип, бардык технологиялык нормалар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн так сакталып жатканын белгилешти.

Белгилей кетүүчү жагдай, Жерүй кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын мүчөлөрүнүн калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулушу менен таанышуу сапары буга чейин да болгон. Быйылкы жылы эле, калдык сактоочу жайдын казуу иштеринен кийин, 16-апрелде жана 13-июнда комиссиянын мүчөлөрүнүн иш сапарлары уюштурулган. Комиссия мүчөлөрү менен макулдашылгандай, алардын кийинки сапары калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш этаптары толугу менен аяктаганда уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️