Жазуучу Салима Шарипова көз жумду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-сентябрда ардагерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү, жазуучу, эмгектин ардагери Салима Шарипова мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Салима Шарипова 1950-жылдын 25-августунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Билими жогорку, 1973-жылы Тамак-аш өндүрүштөрүнүн Москва мамлекеттик университетин (мурдагы «Эмгек Кызыл-Туу» ордендүү технологиялык эт жана сүт өнөр жай институту) ийгиликтүү аяктап, инженер-технолог адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

— 1973-жылы Россия Федерациясынын Москва облусунун сүт өнөр жай бирикмесинин инженери;

— 1974-жылы Ош шаарынын комсомол комитетинин инструктору;

Пример HTML-страницы

— 1975-жылы Ош облустук аткаруу комитетинин жооптуу кызматкери;

— 1977-1987-жылдары Жалал-Абад сүт комбинатынын өндүрүш башчысы, директордун орун басары;

— 1987-1990-жылдары Жалал-Абад сүт комбинатындагы мамлекеттик кабыл алуунун министрликтеги өкүлү;

— 1990-1991-жылдары Улуттук илимдер академиясынын жаратылыш байлыктарынын илимий-изилдөө институтунун Ош шаарындагы илимий кызматкери;

— 1991-1998-жылдары Улуттук маалымат борборунун түштүк бөлүмүнүн жетекчиси;

— 1998-1999-жылдары «Наша газета» өкмөттүк гезитинин Жалал-Абад облусу боюнча өз корреспонденти;

— 2006-2014-жылдары Чүй университетинин Бишкек колледжинин директорунун орун басары, Чүй университетинин президентинин эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси, басма сөз башчысы;

— 1999-жылдан өмүрүнүн акырына чейин эл аралык беш тилдүү «Ош альманахы» журналынын башкы редактору болуп эмгектенген.

Ал коомчулукка жазуучу, чыгармачыл инсан катары да таанымал болгон. Анын «На берегах любви» китеби орус, тажик тилдерине, «Ак таңдар» китеби өзбек тилине которулган. Автордун 50 жылдык мааракесинде «Курбони бемехри» спектакли Ходжент театрында сахналаштырылган. «Там, где рождается радуга», «Дорога в завтра», «На том берегу Пянджа» аттуу телеочерктери телеканалдар жана «Интерньюс» аркылуу да көрүүчүлөргө жеткирилген.

Көп жылдык үзүрлүү эмгегинин жана ийгиликтүү жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардак наамы жана «Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы» төш белгиси ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️