Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы тургундарга 1 айда 1 жолу унаасыз жүрүү сунушталып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарынын тургундарына бир айда бир күн унаасыз жүрүү сунушталып жатат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Нурлан Юсупов билдирди.

Анын айтымында, мындай демилге экологияны булганыч абадан коргоону көздөйт.

«Ушул жылдын май айынан тарта министрликтин буйругунун негизинде ар бир айдын үчүнчү жумасынын бейшемби күнүндө «Унаасыз бир күн» деп аталган демилгени колго алганбыз. Бул саамалык абанын булганышынын алдын алат. Эки айдан бери биздин кызматкерлер бир күн унаасы жок ишке келип жатат. Алдыда калаадагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундарына бул саамалыкты жайылталы деген планыбыз бар. Тактап айтканда кат жолдоо алдында турабыз.

Баарыбызга белгилүү болгондой, атмосферада абанын булганышынын негизги фактору болуп унаалардан, мончолордон жана отканалардан чыккан түтүн болуп эсептелет», — деди Юсупов.

Буга чейин экологдор жол тескөөчүлөр менен биргеликте Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунун аймагында көп өлчөмдө түтүн бөлүп чыккан унаалардын айдоочуларына эскертүү берип, айып пул салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE