Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы муниципалдык унаа базарында оңдоо иштери жүрүп жатат. Дээрлик 5 млн сом бөлүндү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы муниципалдык унаа базарда оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына шаардын вице-мэри Жаныш Раимжанов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин 2200 орунга ылайыкташкан унаа базарды жаан-чачындуу күндөрү суу каптап келген.

«Баарына белгилүү болгондой, муниципалдык унаа базары 2021-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Жамгыр жааган күндөрү базарды суу каптап, андагы кардарларга ыңгайсыздык жаралчу. Быйыл эл өкүлдөрү сунуш көтөрүп, жергиликтүү бюджеттен жалпы 4 млн 900 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Бул сумманын 2 млн 300 миң сомуна базардын ичин жол менен бирдей кылып көтөрүп, акы төлөнчү бастырманы да жол менен бирдей деңгээлде көтөрүп чыгабыз. Мындан сырткары 2 млн 600 миң сомго электрондоштурулган шлагбаумдарды орнотобуз. Мындай жол менен базарга кирип-чыккан унаалардын тыгынын чечүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Каражатты үнөмдөө максатында капиталдык курулуш башкармалыгынын жана ӨКМдин техникалары иштеп жатат. Оңдоп-түзөө иштери күз айларына чейин аягына чыгарылат. Ага чейин ар аптанын бейшемби күнү адаттагыдай эле унаа базар уюштурулуп жатат», — деди Раимжанов.

2023-жылы муниципалдык унаа базардан Жалал-Абад шаарынын бюджетине 9 млн 355 миң сом акча каражаты түшкөн. Мындан улам быйылкы жылга бекитилген план 11 млн сомду түздү.

Унаа базар 2021-жылдын март айында курулуп, пайдаланууга берилген. 2200 унаага ылайыкташтырылган унаа базардын жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. Ал калаанын Спутник кичи районунда жайгашкан. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 10 млн сом акча каражаты жумшалган.

Turmush 2024-жылдын апрель айында Жалал-Абад шаарындагы муниципиалдык унаа базар быйыл жайында кеңейтилип, кошумча оңдоо жумуштары жүргүзүү пландалып жатканын кошумчалаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE