Жалал-Абадда залкар акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында залкар акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Маалым болгондой, саамалыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана шаар тургундары катышты.

Калаадагы Эркиндик аянтына 19 боз үй тигилип, келген конокторго алп акындын өмүр-чыгармачылыгынан сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.

Андан сырткары саамалыктын жүрүшүндө облустагы өндүрүштүк мекемелерде чыгарылган продукциялардын жана тамак-аш жармаңкеси уюштурулду.

Барпы Алыкулов (1884-1949-жж) Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ачы кыштагында 1884-жылы дүйнөгө келген. 9 бир тууган болгон. Атасы Алыкул, анын атасы Шамурза тегинен жарды, кембагалдын тукуму болгондуктан, ар кимге жалчы жүрүп өмүр өткөрүшкөн. Барпы да 8 жашынан тарта Мадалы, Назарбай деген байлардын малын багып, отунун алып, күлүн чыгарган. Кийин Ысакбайда жалчы болуп жүргɵн. Барпы акын бала кезинде башынан кечирген күндөрү жөнүндө «Мен көргөн күндөр» деген ырында эскерген.

16 жашка келгенде акындык аты чыга баштаган. 30 жаштан өткөнгө чейин жалчылыкта жүрүп, Октябрь революциясы жеңгенден кийин гана эркин, өз алдынча жашай баштаган. Өз ара көмөктөшүү топторунда кызмат өтөп, айыл кеңешинин орун басары да болуп иштеген. 36 жаш курагында катуу ооруга чалдыгып 2 көзү тең бүдөмүктөп калат. Турмуш жолунда 23 перзентти жерге берген. Жалгыз кызы (Бурул) аман калган. Даанышман акын 1949-жылы 9- ноябрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) дүйнөдөн кайкан.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️