Жалал-Абадда Мамлекеттик тил күнүндө бир катар адамдар сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-сентрябрда Жалал-Абад шаарында Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Мамлекеттик тил күнү белгиленди.

Маалым болгондой, ага мекеме, ишканалардын жетечилери, маданият кызматкерлери, студенттер жана шаар тургундары катышты. Анда мамлеткеттик тилди даңазалган көркөм окуу, баяндамалар, ыр-күүлөр жаңырды. Вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова мамлекеттик тилди даңазалоого салым кошкон бир катар жетекчилерге, кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамы кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️