Жалал-Абадда Көчмөндөр оюндарында алтын байге уткан балбанга жана машыктыруучусуна аргымак мингизишти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-сентябрда Жалал-Абад шаарында Казакстандын Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ийгилик жараткан спортчуларды салтанаттуу түрдө тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, машыктыруучулар, спорт күйөрмандары, шаар тургундары катышты.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Жалал-Абад шаарынан 4 спортчу катышты. Алардын ичинен Ирлан Казыбек уулу алыш күрөшү боюнча 80 кг салмакта алтын медаль тагынса, Динара Камчыбекова алыш күрөшү боюнча 70 кг салмакта 3-орунду камсыздаган. Ал эми Күмүшай Орозкул кызы аркан тартыш боюнча командалык эсепте 3-орунду багындырып, коло медалга ээ болсо, Феруза Курсантбек кызы алыш күрөшү боюнча 5-орунду камсыздаган.

Спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар бериле турганы айтылды.

Иш-чарада Ирлан Казыбек уулуна аргымак белекке берилди. Ал эми анын машыктыруучусу Чыңгыз Акановго өзү машыктырган спортчулар аргымак мингизишти.

Пример HTML-страницы

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Ага 90 дой мамлекет катышып, 3 миңден ашуун спортчулар күч сынашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️