Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда комада жаткан индиялык студент кыз көз жумду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында жол кырсыгына кабылып, ооруканага түшкөн индиялык кыз каза болду. Бул маалыматты Turmush басылмасына облустук милициядан тастыкташты.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 14-майында саат 22:00 чамасында Жалал-Абад ШИИБге жол кырсык тууралуу кабар келип түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү менен түштүктөн түндүктү карай бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу — 2001-жылы туулган Т.К. аттуу жаран Жалал-Абад мамлекеттик медициналык факультетинин 2004-жылы туулган студенти T.K. (кыз) — Индиянын жаранын сүзүп кеткендиги кабарланган.

Чет өлкөлүк кыз башынан жараат алып, Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт 2024-жылдын 24-майында Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган.

2024-жылдын 25-майында айдоочу К.Т. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийинчерээк Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынан бейтаптын абалы акырындык менен жакшырып бара жатканын билдиришкен болчу.

«14-май күнү биздин бейтапканага оор абалдагы индиялык кыз келип түшкөн. Анын баш мээсине катуу сокку болуп, ошол күнү ага шашылыш операция жасалган. Тактап айтканда, башынын ички бөлүгүндө уюган кандарды тазаладык. Ушул тапта чет өлкөлүк студент кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат. Башында анын абалы өтө оор эле. Азыр акырындык менен калыбына келип, абалы туруктуу оор деп бааланууда. Комада, ойгоно элек. Биздин ак халатчандар колдон келген бардык аракеттерди көрүп, көз салып жатабыз», — деген реаниматолог Жамшид Жакыпов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE