Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

TurmushКечээ, 1-апрель күнү саат 05:13тө Жалал-Абад облусунда очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашыт.

Маалыматка караганда, анын күчү Базар-Коргон районунун Арсланбап, Косо-Терек, Кызыл-Үңкүр айылдарында 4,5 баллга Гүмкана, Көк-Алма, Жазы-Кечүү, Жай-Терек айылдарында 4 баллга Ноокен районунун Тоскоол айылында, Сузак районунун Ак-Тоок, Сары-Булак айылында, Кара-Көл шаарында 3 баллга Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин жетти.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️